Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарынын саны өсүп жатканы айтылууда. Бул боюнча расмий статистика жок, бирок Бишкектен тигүү жана тейлөө тармагында Пакистан, Бангладеш, Шри-Ланка жана филлипиндик мигранттарды көп жолуктурууга болот. “Данистенин” бул чыгарылышы Кыргызстанга жумуш издеп келген түштүк-чыгыш азиялык мигранттарга арналат.
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде Бишкек жана Ош шаарлары үчүн маанилүү мыйзам долбоору талкууланып, ал биринчи окууда кабыл алынды.