Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) убактылуу чыгуу арызын тапшырабы же жокпу - дагы деле белгисиз. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 23-февралда өлкө аскердик альянска мүчөлүгүн токтоторун билдирген. Ал арада Ереван Франция менен курал-жарак алуу тууралуу келишимге кол койду.
Расмий Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан убактылуу чыгуу арызын тапшырабы же жокпу дагы деле белгисиз. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 23-февралда өлкө аскердик альянска мүчөлүгүн токтото турганын билдирген. Москва армян бийлигинен түшүндүрмө күтүп жатканын билдирди. Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Армения чыгып кетсе да, аймактык бирикмен андан ыдырабасын айтты. Ал арада Ереван Франция менен курал-жарак алуу тууралуу келишимге кол койду.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу адвокат Акин Токталиев судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына даттанды. Буга судьянын Токталиевдин адвокаттык лицензиясынан күмөн санаганы себеп болду. Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан убактылуу чыгарын билдирди. Москва муну ырастай элек. Салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалган “Беш-Сары” компаниясынын кожоюну, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев эки айга камалды. АКШга мыйзамсыз кирип, депортация борборлорунда отурган өзбекстандыктар президент... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча сотто адвокаттардын нааразылыгы көп айтыла баштады. Алардын бири Акин Токталиев лицензиясынан күмөн санаганы үчүн ишти караган судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына даттанды. Буга чейин сот отуруму айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаты жок өтүп, чыр чыккан.
Казакстан үч миңдей айылдын аталыштарын 2025-жылга чейин өзгөртүү планын жарыялаганы соцтармактын кыргыз сегментиндеги талкууларды кайра жандантты. Кыргызстанда буга чейин мындай сунуштар ишке ашкан эмес. Аны Москва кескин сындап, Мамлекеттик Думанын депутаттары билдирүү жасаган учурлар болгон.
26-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Талас районунун Атай Огомбаев айылдык аймагына караган Эркесары айылында 200дөй адам жашайт. Бул аймакта толук эмес билим берген мектеби жана мечиттен башка социалдык имараттары жок. 4-класстан жогорку курактагылар үч чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып окушат.