Добавить новость
14 февраля 2026 года

World News in Kyrgyz

Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer




«Живые» новости

Rss.plus

Новости от Russia24.pro

Russia24.pro Каталог

Первые новости сегодня

Президенттин ЖКдагы өкүлү Абытов кызматтан кетип, ордуна Зулпиев келди

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кызматтан алынып, анын ордуна Бектур Зулпиев дайындалды. Читать дальше...

Топ новостей последнего часа





Февраль
2026
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Все новости

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армения Орусиядан оолактап, АКШга ыктады

АКШ Армения менен Азербайжанды Орусиянын таасиринен сууруп чыгабы? Ушул тапта байкоочулар АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ереван менен Бакуга сапарынан кийин дал ушул суроонун тегерегинде ой калчап турат. Арменияда Вэнс америкалык чалгындоочу дрондорду убада кылып, келечекте өзөктүк энергетика тармагында кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Ал эми Бакуда стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюп, Азербайжанга өлкөнүн аймактык сууларын коргоо үчүн кемелерди убада кылды. Кошмо Штаттардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Навальный эквадор бакасынын уусуна ууландырылганы аныкталды

Орус оппозиционери Алексей Навальный эки жыл мурун түрмөдө эпибатидин деген уулуу затка ууландырылып, каза болгон. Бул тууралуу Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерланддардын Тышкы иштер министрликтери 14-январда тараткан билдирүүдө айтылат. Бул билдирүү жарыяланганга чейин Европадагы беш өлкөнүн адистери Навальный уулануудан улам каза болгон деген жыйынтыкка келгени тууралуу The Insider басылмасы жазып чыккан. Андагы маалыматка ылайык, Навальный көз жумган соң жакындары четке алып чыгып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташиевдин отставкасында Батыштын же Москванын изи барбы?

Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынганы алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө да кеңири чагылдырылып, ар кандай өңүттө талданып жатат. Көпчүлүгү Ташиев кантсе да катардагы мамлекеттик кызматкер эмес, анын иштен алынышы Кыргызстанда соңку жылдары орногон "кош бийлик" аяктаганын көргөзөт деп жазышты.

Azattyk.org 

Майыптыгы барларды караган ассистенттер камсыздандыруу полисин сатып алуудан бошотулду

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттер 1-февралдан тартып камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алуудан бошотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Маалыматта жазылгандай, туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж балдарга, бала чагынан I топтогу майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү жеке ассистенттердин эмгек акысынын өлчөмү кайрадан каралып, 8 697 сом деп бекитилди. Мындан тышкары, быйыл 1-марттан тартып жеке ассистенттер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Суусамырда кар көчкү алдында калган малчыны издөө уланууда

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда көчкү басып калганы айтылып жаткан малчыны издөө 14-февралда да уланды. Издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 24 куткаруучусу, айыл аймактан 28 адам, 1 милиционер жана ыктыярчылардан кошулуп, жалпы 55 адам чыкты. Көчкү алдында калган малчыны издөө 13-февралда түнкү саат 3:00дө башталган. Ал күнү куткаруучулар он баш койдун тарпын табышкан. 12-февралда 59 жаштагы Д.А. аттуу малчыны 50 баш кою жана бир аты менен көчкү басып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Башкы прокурордун орун басарлары алмашты

Президент Садыр Жапаровдун 14-февралдагы жарлыгы менен башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Малик Бектурганов дайындалды. Садыр Жапаров ушул эле күнү дагы бир жарлыгы менен Залкарбек Акназаровду башкы прокурордун орун басары кызматына дайындады.(ZKo)

Azattyk.org 

Орусияда маянасын ала албай жүргөн кыргызстандык 66 мигранттын акчасы төлөнүп берилди

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 66 кыргыз жараны айлык акысын алышты. Министрликтин маалыматына караганда, жамааттык кайрылуунун негизинде кыргызстандык мигранттар иштеген “Газспецстрой” ишканасы менен тиешелүү иш-чаралар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада кыргызстандыктар аталган ишканадан ала албай жүргөн айлык акысын толугу менен жалпы 1 млн рубль суммасында алышты. Ошондой эле Р. З. аттуу кыргыз жаранына багуучусун... Читать дальше...

Azattyk.org 

№13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер нааразылыгын билдирүүдө

Жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланган №13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер Боршайкомдун акыркы чечимине нааразылыгын билдирип жатышат. "Азаттык" алардын айрымдары менен байланышканда Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алдында жооп бериши керектигин талап кылышты. Талапкерлердин бири Нуркан Койчуманова БШКнын 13-февралдагы чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады: "БШКдан Шайназаров (БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров - ред.) баш болуп таза шайлоо өткөрөлү деп жыйындарды өткөрүшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Торугарттан Казарманга жаңы жол куруу каралууда

Торугарттан Казарманга жаңы жол куруу пландалып жатканын Нарындагы облустук коллегияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Анын айтуусунда, жаңы жолдун курулушу жакынкы мезгилде башталат жана транзиттик ташуулардын аралыгы менен убактысын кыйла кыскартууга, аймактын логистикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Байсалов “Азаттыкка” бул жол Ат-Башыдагы Таш-Рабат жайынан Казарманга мурдагы ат жолдун нугу менен курулуп, Өзбекстанга байланышты күчөтөрүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кеминде тергөө кызматынын башчысы "кылмышты жашырган" деген шек менен кармалды

Чүйдө Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөө кызматынын башчысы Б.М.Б. аттуу жаран кылмышты жашырууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-февралда билдирди. Шектүү УКМКнын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-аракети алкагында кармалган. 34 жаштагы шектүү, атайын кызматтын маалыматына караганда, жашы жете элек кызга карата топ адамдар (Н.Э.... Читать дальше...




Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: Тоолордо кар көчкү жүрөт

14-февралдан 16-февралга чейинки күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Өтмөк ашуусунда, Чапчыма, Долон, Көк-Арт жана Чоң-Ашуу ашууларында жана башка тоолуу жолдордо кар көчкү жүрөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл. 15-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда эл аралык Китеп белек кылуу күнү белгиленип жатат

14-февралда Кыргызстанда Китеп белек кылуу күнү кеңири белгиленип жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул демилге китепке болгон кызыгууну арттырууга жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталганын белгиледи. Министрлик кабарлагандай, бул күнү миңден ашуун китепканада “Book Swap” акциясы, квест оюндар жана “Китеп — эң баалуу белек” аттуу иш-чаралар уюштурулууда. Окурмандар ага китеп алмашуу аркылуу активдүү катышып жатышат. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК мыйзамсыз ишмердикке жана сүткорлукка шектелген ломбард жабылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз иштеп жаткан күрөөканалардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча иш-чаралар уланып жатканын билдирди. Мунун алкагында жарандарга жогорку үстөк менен насыя берген А.А.Т. аттуу жаран кармалган. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган жаран мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө жана күрөөгө коюлган мүлктү тартып алууга шек саналууда. "Тактап айтканда, кармалган А.А.Т. материалдык оор абалда турган жарандарга мыйзамсыз түрдө карыз берип... Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМ: Кыргызстанда элүү жылда мөңгүлөр 16% эриди

Акыркы элүү жылда Кыргызстандагы мөңгүлөр 16 пайызга эриди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин (ӨКМ) орун басары Азамат Мамбетов 13-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Мамбетов ошол эле учурда тоолордогу чакан көлдөрдүн жырылуу коркунучу да сакталып турганын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы Тоң районундагы Зындан көлү жырылып кеткен болсо, былтыр Такыр-Төр көлү эки ирет жырылып, миңдей адам коопсуз жакка көчүрүлгөн. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, Жердеги абанын табы 1,9 градуска жогорулады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Олимп чемпиону болду

Казакстандык фигурист Михаил Шайдоров Миландагы кышкы Олимп оюндарында алтын медалга ээ болду. Ал эркектер арасындагы жеке программада 291,58 упай топтоп, башка атаандаштарын артта калтырды. 21 жаштагы алматылык фигурист муз үстүндө мекендеши, казак ырчысы Димаш Кудайбергендин ырынын коштоосундагы бийди аткарды. Михаил Шайдоровдун жеңиши бул спорт сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз болду. Себеби мелдеш алдында бул программада америкалык Илья Малинин жага жапониялык Юта Кагияма эң күчтүү атаандаштар катары сыпатталып жаткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда көп батирлүү үйлөрдө чогулуп намаз окууга тыюу салуу сунушталды

Мамлекеттик Думага көп кабаттуу үйлөргө жана эл жашабаган имараттарга чогулуп намаз окууга жана башка диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилди. Диний жөрөлгөлөрдү үйүндө расмий катталган гана тургундар “жеке рухий муктаждыгы” үчүн өткөрө алышат. Бул тууралуу РБК жазды. Мыйзам долбоорун 67 депутат демилгелеген, арасында фракция лидерлери да бар. Басылма белгилегендей, өзгөртүү “Абийир эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга сунушталууда. Анда түрдүү диний жөрөлгөлөрдү... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus