Соңку күндөрү Кыргызстанга Батыштан бир катар делегациялар келсе, президент Казакстан, Азербайжанга сапар менен барды. Эгемендик алгандан бери алгачкы жолу келген Улуу Британиянын тышкы иштер министрли Дэвид Кэмерон Кыргызстандын өз өнөктөштөрүн тандоо укугу болушу керектигин билдирди.
БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк израил армиясы аскердик операция жүргүзгөн ооруканалардагы кыйроолор аны нес кылганын билдирген. Газада АКШ жана Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюму менен Израил армиясынын ортосундагы согуштун башталганына 200 күн болду.
БУУ Газадагы ооруканаларда адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар боюнча “тыкыр иликтөө жүргүзүүгө” чакырды. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы, активисттердин жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты. Президент Жапаров УКМК төрагасы Ташиевдин катынан кийин баш прокурорго сөгүш берди.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары сотту ачык өткөрүү талабы менен 24-апрелде акция өткөрүштү. Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулгандар камакта жаткандарга кысым жасалып, айрым мыйзамдар бузулуп жатканын белгилешти.