Кыргыз өкмөтү эки-үч айдан бери ири базарлардагы ижара акысын төмөндөтүүгө мажбур кылган иш-аракеттерди көрүп жатат. Укук коргоо органдары каш каккан айрым ишкерлерге кылмыш ишин ачып, соода жайларын мамлекетке өткөрүп алды.
Израил Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында төрт айдан бери барымтада турган эки жаранын бошотконун жарыялап, ал жерде согушкерлердин кеминде төрт тобу бар экенин билдирди. Бул аймакта иштеген дарыгерлер жана ыктыярчылар өткөн түнү Израилдин чабуулдарынан 37 палестиналык жай тургундун өмүрү кыйылганын айтууда. АКШ Израилди Газанын калкынын дээрлик жарымы баш калкалап турган бул шаарда жай тургундардын коопсуздугун камсыздоочу план болбосо, операция жүргүзбөөгө үндөдү.
Израил Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында террорчулар төрт айдан бери барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотуп алганын жарыялап, ал жерде согушкерлердин кеминде төрт тобу бар экенин, күрөш уланарын билдирди.
12- февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Иманалиев болду. Ал маегинде парламенттин мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын баатыры Дооронбек Садырбаевдин кыргыз саясатындагы жолу, таасири, таскагы, аксагы, ыйы жана сыйы жөнүндө кеп кылат.
Түркмөндөр эми тойлордо милдеттүү түрдө мурунку президентинин ырларына бийлеши керек. Той бергенде экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ыры жок эле дегенде эки жолу коюлушу шарт.
Жалал-Абад аймагында сел жана жер көчкү коркунучу күтүлгөн аймакта кеминде миңден ашык үй-бүлө жашап жатканы айтылды. Көпчүлүгүнө өкмөт кайтарымсыз ссуда жана жер тилкелерин берген. Бирок алар жер которгон эмес.