Кыргызстанда Кызыл-Омпол уран кенин казуу демилгеси талкууда. Бийлик кен казынага ири киреше алып келерин айтса, жергиликтүүлөрдү экология маселеси кооптондурууда. Орусияда абакта табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын сөөгү туугандарына бериле элек. Кошмо Штаттар Навальныйдын өлүмүнөн улам Орусияга каршы жаңы санкция даярдап жатат. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сот алардын адвокаттарына басым жасап жатканына даттанды. Саясатчылар буга байланыштуу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Кыргызстан “Айкөл - 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын лагерлеринен 99 кишини, анын ичинен 71 баланы, 28 аялды алып келди.
Орусиянын Сургут аймагында Навальныйды эскерген кыргызстандык полициянын зомбулугуна кабылды. Ал кыйноо фактысы боюнча Орусиянын Тергөө комитети жана прокуратурага арыз менен кайрылды.
Кыргызстан “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы эки лагерден 99 жаранын алып келди. Алардын ичинен 28и аял жана 71и балдар. Акыркы бир жылда ушундай төрт миссиянын алкагында Сириядан Кыргызстанга 400дөн ашык жаран келген.
Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы окуялар, кыргыздардын өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.
Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон аяктап бара жатат. Борбор Азиядан тарта Европа өлкөлөрүнөн туристтер кышкысын Караколго лыжа тепкени келишет. Жергиликтүүлөр быйыл кар аз болуп, сезон жылдагыдан кыска болгонун айтып жатышат.