Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн Бишкекке биринчи жолу чогулушту. Анда "Талибан" башкарып жаткан Ооганстандагы гуманитардык кырдаал, маңзат бизнесине жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча эксперттик пикир алышуу болду.
Газада ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн майнап чыга элек. Эл аралык уюмдар Рафахта аскердик операция башталса, карапайым тургундар арасында жоготуулар көп болорун эскертүүдө. Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитетине кайтарды. Документтин айрым беренелери өзгөртүлөт. БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин ыйгарым укуктарын токтотту. Самарада тажик диаспора башчысынын кайрылуусу мигранттарды дүрбөлөңгө түшүрдү.
Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча Каирде өткөн сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек. Жолугушууга Израил, АКШ, Египет жана Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты.
14- февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Өзбекстанда бүбү-бакшылар "жин чыгаруу" деген ырымында дуба окуу менен бирге адамды уруп сабашат. Коңшу өлкөдө соңку кездери "жин кубалаган" табыптар социалдык тармактарда ишин жүргүзүп, аларга болгон суроо-талап өстү. Былтыр өлкөдө "жин чыгаруу" өлүм менен аяктаган учур катталган.
Белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров 55 жашында акка моюн сунду. Буга чейин ал инсульт алып, клиникалык тез жардам ооруканасына түшкөнү маалым болгон. Сахналаштарынын айтымында ал комага түшкөн бойдон өзүнө келбей, көз жумуп кете берди.
Баткен шаарында ичүүчү суунун акысы 20% кымбаттады. Баткендиктер тариф кымбаттаганы менен элге ичүүчү суу толук берилбей жатканына нааразы. Баткен таза суу муниципиалдык мекемеси суунун тартыштыгын кыскартып, электр энергиясы жана жумушчулардын эмгек акысын жабуу үчүн бааны көтөрүүгө мажбур болгонун түшүндүрдү. Баткен шаарын суу менен камсыздоо үчүн 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 млн 200 миң евро каражат бөлгөн.
Талас облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги жылдан-жылга сезилүүдө. Облус бийлигинин маалыматы боюнча, ушу тапта аймакта 130дан ашык дарыгер жетишпейт. Бул маселени чечүү үчүн облустагы айрым айылдарда 80ден жашы өтсө да иштеп жаткан дарыгерлер бар.