Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовду жана Нурлан Ражабалиевди жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты. Буга чейин "экс-бажычы Райымбек Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырышы керек" деген өңүттө материалдар жарыяланган.
Кызыл-Омпол кенин казуу демилгеси кызуу талкууда. Бийлик кенди толугу менен мамлекет иштетерин, ага жакын жайгашкан аймактарда өнүгүү болоруна убада берди. Жергиликтүү тургундар болсо экология маселесинен чочулашат. Мындан беш жыл мурун нааразылык чыккан Кызыл-Омполду иштетүү маселелеси бул жолу кандай өнүгүүдө? Дегеле уран иштетүүнүн пайдасы менен зыяны канчалык?
Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев депутаттык мандатынан ажырады. Мунун алдында маалымат айдыңында "экс-бажычы Райымбек Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырыш керек" деген өңүттө материалдар жарыяланган. Казакстанда миңдеген кишинин жеке маалыматы интернетке тарап кеткен окуя иликтенүүдө. Жарандардын дареги, жеке документи, телефондон кимдер менен сүйлөшкөнү тууралуу маалымат GitHub аттуу сайтка чыгып кетти. “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды. Читать дальше...
22-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Атайын кызматтын башчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул кызматка келгенин, өз ишин өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуудан баштарын билдирди.
Эрте жашынан дары баңгилигине байланып калган өспүрүмдөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Дары баңгилиги - бул күчтүү таасир этүүчү дарыларга көз каранды болуу. Республикалык психиатрия жана наркология борборуна 2023-жылы наркология бөлүмүнө 382 өспүрүм кайрылган. Бейтаптардын жаш курагы 14 жаштан 18 жашка чейин. "Азаттык+" программасы жаштарды тооруган дары баңгилиги тууралуу баяндайт.
Казак өкмөтүнүн миграциялык программасы ишке ашпай калганы тууралуу өлкөнүн парламентинде сөз болду.
Орусиянын Сургут аймагында Навальныйды эскерген кыргызстандык полициянын зомбулугуна кабылды. Ал кыйноо фактысы боюнча Орусиянын Тергөө комитети жана прокуратурага арыз менен кайрылды.
Президент Садыр Жапаров Татарстандын борбору Казанда иш сапары менен болду. Ал 21-февралда “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышып, орус президенти Владимир Путин менен да жолукту.
Былтыр турмушка чыгып, төрт ай мурда Орусияга барган Азиза учурда Тамбов облусунда камакта отурат. Жакындары ал Телеграмдан табылган ишке азгырылып, шылуундардын торуна түшкөнүн айтууда. Тамбовдо абакта жаткан келиндин агасы жана күйөөсү жардам сурап, коомчулукка кайрылды.