Мадина Касымова төрт баланын энеси. Жалгыз бой аял Бишкектин четиндеги эски үйдүн бир бөлмөсүндө балдарын чоңойтууда. Өзү балдар үйүндө өскөн Мадина жашы бир топ улуу кишиге турмушка чыгып, бирок төрт наристеси менен ажырашып кеткен. Укук коргоочулар балдар үйүндө тарбияланган улан-кыздарга 25 жашка чейин өкмөт кам көрүп, турмушта туура жол табышына көмөктөшсө Мадинаныкындай аянычтуу тагдырга кабылгандар аз болорун айтышат.
Түркияда бир жыл мурунку зилзаланын курмандыктарын эскерип жатышат. Кырсыкта дайынсыз жоголгондордун жакындары ушул күнгө чейин аларды издеп келет. Жер титирөөдө жабыркаган шаалардын тургундары түнү менен жөө жүрүшкө чыгып, Антакияда чогулгандар өкмөттү отставкага кетүүгө чакырды. Түрк бийлиги зилзаладан жабыркагандарга жаңы салынган үйлөрдүн ачкычын тапшырып, калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.
Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровдун соту уланып, ушул тапта отуздан ашык күбө суралды. Алардын арасында мурдагы жана азыркы аткаминерлер бар. Түркия бир жыл мурун болгон зилзаланын крмандыктарын эскерүүдө. Кырсыкта дайынсыз жоголгондордун жакындары ушул күнгө чейин аларды издеп жүрөт. Жаза аткаруу кызматы абакта каза тапкан коомдук ишмер Арстан Алайдын өлүмүндө кылмыштын курамы аныкталбаганына байланыштуу иш козгоодон баш тартты.
6-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоору парламент комитетинин күн тартибинен алынды. Буга чейин документти эки комитет колдогон. Ал арада Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24.kg агенттигинин кеңсесин ачып берүү жөнүндө өтүнүчүн карап, четке какты.