Бишкекте "Хово" (Howo) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинелердин айдоочулары митинг өткөрдү. Алар ашыкча жүк үчүн айдоочуларга салынган айып пул өтө эле көп экенине нааразы. Өкмөт жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга жаза катаалдашканын эскерткен.
Жакында Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин укуктарын кыскарткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен артка кайтарылды. Мыйзамга ылайык мэрлердин бийлиги бекемделип, депутаттардын укуктары кыскарат. Эки ири шаардагы бийлик балансы жөнүндө талкууладык. "Азаттыктын" студиясында: Мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Мыктыбек Өмүрзаков жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев.
Жалал-Абад маданият техникумунун кеминде үч кызматкери жумуштан кетип, жетекчиликтин ишине нааразы болушууда.
28-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Юстиция министрлиги 300гө жакын адвокатты лицензиядан ажыратуу маселесин карап жатат. Мекеме алардын көбү "жактоочулук иш менен жарытылуу алектенбегендер" деп билдирди.
Экстремалдык спорт үчүн Кыргызстандагы шарттар кандай? Коопсуздук маселеси кантип чечилет жана куткаруу кызматтарынын иш-аракети канчалык жакшы уюштурулган?
Технология өнүккөнү психологияда санарип көз карандылык түшүнүгү пайда болду. Бирок медицинада азырынча мындай диагноз жок.
Парламентте экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу катары таанымал Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу сунушталды.
Орусияда мигранттарды жапырт текшерүү жана кармоо кайра күчөдү. Айрым мигранттар диний жүйө менен өлкөдөн чыгарылып же басымга кабылганын айтышууда. "Азаттык" Орусиядан чыгарылган төрт кыргызстандык мигрант аялдын окуясын сунуштайт.