Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат. Маданият министрлигинин маалыматында, бул театрдагы кызматкерлердин чеберчилигин арттыруу жана ээлеген кызмат ордуна татыктуу экенин баалоо максатында жасалууда.
2023-жылы Ош облусу боюнча кыздар эрте турмушка чыккан 15 учур катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бардык учурлар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу") боюнча кылмыш иштери козголуп, бирок бири дагы аягына чыкпай, шектүүлөр жоопко тартылышкан эмес. Акыркы эки айдын ичинде кыздарын эрте турмушка узаткан үч учур катталган.
Аравандагы мектеп-интернатта тарбияланган балдарга мөөнөтү өткөн тамак-аш берилип, ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес.
33 жаштагы Бактыгүл Жээнова Орусияда кулчулукта жүргөн жеринен жарым жыл мурда качып келгенин айтууда. Кулчулуктан кутулууга ал жашап жүргөн үйгө капыстан конокко барып калган мекендеши жардам берген. Бактыгүл суукта кой кайтарып, зордук-зомбулук көрүп, мекенине качып келүүгө аргасыз болгон.