Жогорку Кеңеште "Кемпир-Абад иши" боюнча маалымат угуу сунушу берилди. Айыпталуучулар соттон президент баштаган бийликтеги аткаминерлерди күбө катары суроону талап кылышты. 14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тыныгуудан кийин ишти кароону айыпталуучулардын катышуусуз уланткан.
Европанын жолдорунда оор жүк ташыган машина айдап жүргөн жүздөгөн кыргызстандыкты жолуктурса болот. Кээ бирлери эмгек акысын ала албай, келишимдин шарттары аткарылбай, алданып, атүгүл соттошуп жүрөт. Башкалары иш берген компанияларына, иштөө жана жашоо шарттарына ыраазы экенин айтышат. Road Transport Due Diligence Foundation уюмунун маалыматына караганда, борбор азиялык мигранттардын көбү эксплуатацияга туш болот. Айдоочулар кабылган адилетсиздик, алардын укуктарын ким коргоп, ким жардам берет? Европага... Читать дальше...
Израил менен ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун ортосундагы ок атууну токтотуу боюнча Каирде өткөн сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек. Жолугушууга эки тараптын өкүлдөрүнөн тышкары АКШ, Египет жана Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты. Айрым медиа каражаттары Израилдин делегациясы Каирден кайтканын маалымдап жатышат. Эл аралык уюмдар Израил Рафахтагы аскердик операциясын баштаса, карапайым тургундар арасында жоготуулар көп болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.
Бишкектеги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары дубалга "SOS" деген жазууну илип алып, "турак-жайда мыйзамсыз жашап жатат" деген шаар бийлигинин дооматтарына нааразылык билдирди. Шаар бийлиги Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу имарат соода борбору катары курулган деп, тургундардын чыгып кетишин талап кылган. Учурда анда 60тан ашык үй-бүлө батир сатып алып, жашап жатат.
14-февралда Бишкекте Евробиримдиктин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Брюсселдин атайын чабарманы Томас Никлассон "Талибандын" башкаруусундагы Ооганстандагы кырдаал жана Борбор Азиянын ролу тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
15-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда картөшкө айдоону азайтып, кызылча эгүүгө басым жасаларын билдирди. Айрым адистер бул көл кылаасынын экологиясына кесепетин тийгизерин эскертүүдө.
Түркияда туруктуу жашаган чет элдиктер азайып, буга байланыштуу кыймылсыз мүлк рыногу жайлады.
Жогорку Кеңеш “"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетине кайтарды.
14-февралда Бишкекте Евробиримдиктин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Брюсселдин атайын чабарманы Томас Никлассон "Талибандын" башкаруусундагы Ооганстандагы кырдаал жана Борбор Азиянын ролу тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.