Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган. 9-февралдагы жараян кечке чейин уланып, сот чечими кечки саат 21:00гө барып чыкты.
Доха шаарында Азия кубогу финалдык баскычына келип жетти. Бул жолку мелдеш сенсацияга бай болду. Эч ким күтпөгөн Иордания финалга чыкса, фаворит саналган Жапония чейрек финалдан, Түштүк Кореянын курамасы жарым финалдан ары өтө алган жок. Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары чейрек финалга чейин жетти. Кыргызстан тайпадан чыга албаган сегиз команданын бири болуп калды. Азия кубогунун кыргыз футболу үчүн сабагы кандай? “Азаттык” Катардан баяндайт.
Соңку беш жыл ичинде Бишкектин жылуулук электр борборунда эки жолу авария болуп, шаар тургундарына ысык суу, жылуулук берилбей калды. Тиешелүү жетекчилер 2018-жылкы биринчи кырсыкта, быйыл да суук түшкөнгө чейин ЖЭБге байма-бай каттап, стратегиялык өндүрүш кышка даяр экенин айтышкан эле. 2018-жылдагы окуядан кийин өкмөт башчылардан тартып бир нече жетекчи соттолгон. 2-февралдагы жарылуу боюнча да кылмыш иши козголду.
Чүй облустук милициясы журналист Эрмек Аттокуровду “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармады. Ал өткөн жылы жазында кошунасы үйүнө келип сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканына даттанган эле. Ошол окуялардан кийин ИИМди соцтармактар аркылуу сындап жүргөн.
9-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин америкалык журналист Такер Карлсонго курган маеги алдын ала катуу жарнамаланды. Москвада кремлчил журналисттер америкалыктарга «чындыкты көзгө сайып көрсөтүп берем» деген Такердин артынан калбай ээрчип жүрүштү. Эки сааттык маекте Путин эмнелерди айтты?
Февраль айына карата Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кыштан чыгууга керектүү көмүрдүн 60%дан ашыгы алынган. Аталган мекеменин адистери бул муктаждыкты жабууга жетерин билдирип жатат.
Былтыр 6-февралда Түркия менен Сириянын чектеш аймагында катуу зилзаладан кийин миллиондогон киши үй-жайсыз калган. 50 миңден ашык адам каза болгон.