Камакка алынган аскердик укук коргоочу, Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна арыз жолдонду. Анын эмне себептен кармалганы тууралуу укук коргоо органдары азырынча маалымат бере элек.
Казакстандын Түркстан облусунда күйөөсүн өлтүргөн деп шек саналган 34 жаштагы аялдын иши боюнча сот башталды. Аял сотто өзүн коргоо үчүн кылмышка барганын айтты. Сотто ал 14 жыл зомбулукка чыдап жашап жүргөнүн билдирди. Күбө катары жубайлардын жашы жете элек үч баласы көрсөтмө беришти.
Өткөн аптанын аягында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары сабаган. Ушундай эле окуя Бишкекте да катталып, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түштү. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда "Тез жардам" догдурларына да кол салуу болгон.
АКШ да тубаса кулагы укпаган 11 жашар өспүрүм экспертименталдык ген терапиясынын жардамы менен уга баштады. “Европадагы 3D принтеринде басылган ири имараттын "курулушу" аяктап, ижарачыларга берилди. Кытай изилдөөчүлөрү глобалдык жылуулуктун пингвиндерге таасирин иликтеп жатышат.
"Ихсан" кооперативинен жабыркаган мигранттар нааразылык билдирип жатышат. Алар сот "Ихсандан" чыгымды өндүрсө, мигранттар төлөгөн акча да кайтарылабы же жокпу деп тынчсызданууда.
Чабуулчу Акрам Афифтин пенальтиден киргизген үч голу менен Катар курама камандасы Азия Кубогун жеңип алды. Финалдык беттеште чемпиондор Иордания курамасын 3:1 эсеби менен утту.