Польшанын Познань шаарында кыргызстандык мигрант келин ымыркайы менен кризистик борбордо турат. Ал бир ай мурун Европада көз жарган. Чет жердеги мекендештер келинге 1,5 миллион сом чогултуп, ушу тапта Кыргызстанга жиберүүгө жардам көрсөтүп жатышат.
Министрлер кабинети 2024-жылы социалдык маанидеги азык-түлүк түрлөрүнүн баасын өстүрбөй кармап туруу боюнча план камтылган атайын тескеме иштеп чыкканын кабарлады. Бирок ал планды жарыялай элек. Эксперттер тышкы жагдайдын таасири күчтүү болгондуктан, баалар кымбаттай берерин боолголоп турат.
19-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Бүтүрүүчүлөр, мектептин жогорку классынын окуучулары келечекке план куруп жаткан маалда билим берүүдөгү, кадр даярдоодогу тенденцияларды талкууладык. Чет мамлекеттерге окууга кантип тапшырса болот? Студиянын коноктору: Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев, ProKG клубунун "Кадам" долбоорунун менеджери Акылай Доргоева жана ASK consulting борборунун жетекчи орун басары Темирлан Кочукеев.
Талас облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги сезилүүдө. Облус бийлигинин маалыматында, ушул тапта аймакта 130дан ашуун адис жетишпейт. Мындан улам облустагы айрым айылдарда жашы 80ден өтсө да иштеп жаткан догдурлар бар.
Оштун Кара-Суу районунун 30га чукул тургуну жер маселесине байланыштуу президенттин облустагы өкүлүнө кайрылып, “Жер мунапысы” жөнүндө жарлыктын мөөнөтү бүтүп баратканын, турак-жайларын мыйзамдаштыра албай жатканына даттанды.