Ош облусунун Ноокат районунда жашаган каарманыбыз Муслима 47 жашта. Анын жолдошу экинчи аялга үйлөнүп алганда үй-бүлөсү бузулган. Азыр Муслима курстарда окуп, долбоорлорго катышып, өзүн өнүктүрүп, турмушта запкы жеген башка кыз-келиндерге жардам берсем деген мүдөөсү бар.
Сузактын Багыш айылында аялдар үчүн фитнес зал ачылды. Ушул тапта 20га чукул кыз-келин, аялдар машыгып жатышат. Бул жерге келгендер аз да болсо күнүмдүк түйшүктү унутуп, ден соолуктарына кам көрсөк дешет.
Кыргызстанда соңку жылдары жүрөк-кан тамыр жана инсульт илдетине чалдыккандардын саны көбөйгөнү айтылууда. Дарыгерлердин маалыматында, эрезеге жеткен ар бир экинчи кыргызстандыктын кан басымы жогору.
Анкара виза мөөнөтү бүткөн 370 миң чет өлкөлүк мекенине кайтканын билдирди. 250 миңдейи атайын рейд маалында кармалды.