Белгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Монпарнас” деп аталган жаңы адабий журналды негиздеп, ага чыгармалары жарыяланган акын-жазуучуларга калем акы төлөп берүүдө. Бул демилгенин максаты - кыргыз тили менен адабиятын өнүктүрүү.
12 жылдан бери убада берилгени менен Орусиядагы Кызыл-Курагино темир жолу дагы деле салына элек. Ал темир жол линиясы Тываны Транссибирь маршруту менен бириктирмек. Айрымдар темир жолдун курулушу өрөөндүн экономикасын өнүктүрөт десе, кээ бири аймактын табиятына зыян келтирет деп кооптонушат.
Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батир менен камсыздоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Маалыматка ылайык мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар алдын ала жарым баасын төлөп, үй алууга шарт түзүлөт. "Азаттыктын" студиясында: Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, "Бишкек курулуш" компаниясынын жетекчиси, Кыргызстандын курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев жана ЖИА бизнес ассоциациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сартмаметов.
1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот уланып, 2009-жылы ар кандай кызматта турган бир нече аткаминер суралды. Буга чейин Игорь Чудинов, Руслан Казакбаев жана Нурлан Сулайманов сотто көрсөтмө берген.
29 жаштагы Даткайым Маматкадырова Американын Чикаго шаарында жашап жатканына алты айдан ашты. Ал АКШга өткөн жылы күйөөсү жана эки баласы менен Мексика аркылуу келген. Жубайлар бул үчүн балдары менен тобокелчиликке барып, жалпысынан 25 миң доллар сарптаган.
Ош шаарында медиа өкүлдөрү жана юристтер “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, мыйзамга камтамачылыгын билдирди.
Коргоо министрлиги Абадан коргонуу күчтөрүндөгү коррупция тууралуу маалымат, дооматтарды четке какты.
"Азаттыктын" өзбек кызматы өзүнүн бир нече ишенимдүү булагына таянып, "Салимбай байбача " деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиевдин ишинде Кыргызстандагы соңку окуялардан кийин жаңы эпизоддор жаралганын жазып чыкты.