Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев 31-январда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын куруп, Камчы Көлбаев өлтүрүлгөн УКМКнын операциясынын мыйзамдуулугу, Кемпир-Абад иши, 11 журналисттин камалышы боюнча пикирин билдирди.
Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров акыркы сапарга узатылды. 84 жашында дүйнөдөн кайткан жазуучу ондогон аңгеме, повесть, романдарды жазып, айрым чет элдик жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Көз карандысыз медианын 11 кызматкеринин жапырт эки айга камалганы Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин болгон эмес. Укук коргоочу, активисттер муну сөз эркиндигине басып катары баалап, эл аралык коомчулук тынчыздануусун билдирүүдө. "Азаттык" камалган журналисттердин жакындарына кезигип, алардын ой-пикирин билди.
Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму эки айга ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну жактырууга жакындап калышты. Израил ортомчулардын жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын 30-январда Би-Би-Си жазды.
Жогорку Кеңеш 31-январда "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Катарда Азия кубогу уланууда. Шаршембиде 1/8 финалдын акыркы күнү. Чейрек финалга жолдомо үчүн Жапония - Бахрейн, Иран- Сирия командалары ат салышат. Борбор Азиядан эки команда - Өзбекстандын жана Тажикстандын футболчулары таймашты улантууда. Доханын стадионунда коңшу өлкөлөрдөн келген күйөрмандар эриш-аркак болуп, улуттук курама командаларды сүрөөнгө алып жатат. Футбол майрамындагы ынтымакты жана достукту туу туткан күйөрмандар, турнирдин жүрүшү тууралуу баянды көрүңүз.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 22 миң киши эмдөөдөн баш тартканын билдирди. Өткөн жылдан бери кызамык күч алып, эки жылда тогуз бала чарчап калды. Вакцинадан баш тарткандардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганы айтылат. Дүйнөдө да оору жайылып баратат.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа кызматкерлерин жапырт камоо маселесин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда көтөргөнүн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Ал "Азаттыкка" курган маегинде кездешүүдө Адахан Мадумаров, Элдик курултай, сөз эркиндиги боюнча сөз болгонун белгиледи.
Илон Масктын Neuralink компаниясы адамдын мээсине чипти ийгиликтүү кадаганын, бейтап операциядан кийин эсине келип жатканын билдирди. Компания мындай ыкма психикалык мандеми бар же шал оорулууларга жардам берерин айтса, айрым адистер маселенин этикалык жагына көңүл бурушат.
Өзбекстанда «үй-бүлөлүк зомбулукту колдогон жана үгүттөгөн видео тартып жайылткан» деген негизде эки вайнер 15 суткага камакка алынды.