Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ 48 саатка камалган “Temirov Live” каналынын азыркы жана мурдагы 10дон ашуун журналисттин бөгөт чарасы каралганы турат. Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар сөз эркиндигине басымды жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. Бишкекте аскердик тик учак кулап, экипаждын бир мүчөсү набыт болуп, 10 киши жараат алды. Коргоо министрлиги бир нече кишини кызматтан убактылуу четтетти. Башкырстанда нааразылыкка чогулган эл менен полиция кагылышты. Орусияда... Читать дальше...
17-январда Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Достук кичирайонуна жакын жердеги машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, аскер кызматкери мерт болду. Коргоо министрлиги төрт адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, биринин абалы өтө оор экенин билдирди.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир күн мурун кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга баш калаадагы тергөө абагына (CИЗО-1) камады. Алардын маселеси парламенттин жалпы жыйынында көтөрүлдү.
Башкырстанда жергиликтүү экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкыр" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсыновдун төрт жылга соттолушу миңдеген кишинин митингге чыгуусуна түрткү болду. Чогулган элге полиция көздөн жаш агызуучу газ чачканы кабарланууда.
Бир катар журналисттер камалып, 24.kg маалымат агенттигинин жетекчилери сурак берип жаткан маалда өкмөт сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке келип түштү.
Өткөн жылы Орусияда "мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыпталган үч окумуштууга өкүм чыгарылган. Дагы төрт сибирлик физиктин иши тергөөдө, бешинчисинин иши сотко жеткен жок, ал камакка алынгандан көп өтпөй каза болуп калган.
Бир жыл мурун Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаары жылуулуксуз калган. Катуу суууктан улам жылуулук системасы иштен чыгып, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Калаа тургундары 20 күндөй жылуулуксуз жапа чеккен эле. Ал учурда өкмөт бул калаадагы жылуулук системасын оңдоону убада кылган.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдстан автоном аймагындагы жана Сириядагы Иранга каршы күчтөргө сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, баллистикалык ракеталар менен Эрбилдеги Моссаддын “тыңчылар” кеңсеси жок кылынды. Кошмо Штаттар Ирандын чабуулдарын айыптап, акылга сыйбаган туш келди соккулар деп сыпаттады.