25-январда кесиптешибиз, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти Алсу Курмашева Орусиядагы абакта отурганына 100 күн болду. "Idel.Реалии" сайты анын каттарынын негизинде Казандагы СИЗОдо жыл жаңырганда журналисттин өткөргөн күндөрүн баяндады.
24-январга караган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыпталган Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, сот залынан камакка алды. Депутат 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.
АКШнын Нью-Гэмпшир штатында республикачылардын баштапкы шайлоосунда (праймеризде) экс-президент Доналд Трамп жеңди. Ноябрда партиянын атынан президенттик шайлоого катышуу үчүн жарышта Трамптын жападан жалгыз атаандашы Никки Хейли күрөштү улантарын билдирди.
Былтыр Оштогу “Боорукердик” балдар үйүндө өрт чыгып, жараксыз абалга келген. Ал жерде тарбияланып келген өспүрүмдөрдүн баары фостердик үй-бүлөргө берилген. Учурда эки гана бала фостердик үй-бүлөдө жашап жатат. Калган өспүрүмдөр ар кандай жагдайларга байланыштуу кайра балдар үйүнө кайтарылды.
Эки айга камакка алынган 11 журналисттин жакындарын акыйкатчы кабыл алды. Ал тапта журналисттер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайынан тергөө абагына которулбай жатканын, азыр турган жерлериндеги шарт оор экенин айрым адвокаттар айтып чыкты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги социалдык тармактарды көзөмөлдөй турган борбор ачууну пландоодо. Борбор TikTok, Youtube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коёт.
Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин жетекчиси милицияга пара берүүгө айыпталып кармалды. Мунун алдында бала бакчада балдарды атайын тарбиялоо программасына туура келбеген диний сабактарды өтүп жатканы тартылган тасма интернетке тараган.