2024-жылы жер жүзүндө жашаган адамзаттын жарымынан көбү жалпы улуттук шайлоодо добуш берет. Геосаясий кырдаалды, дүйнөдөгү "кыйындар" балансын өзгөртө турган жүрүштөр жасалышы мүмкүн. Жаңы жылдагы айрым урунттуу окуяларга токтолобуз.

Meta team “Азаттыктын” студиясында жаңы жылдык ыр белегин тартуулады. Топто музыкалык билими бар же жок экенине карабастан ар курактагы мырзалар менен айымдар ырдайт. Чыгармачыл топту негиздеген Мыктыбек Нурланбековдун айтымында, Meta teamдин максаты - кыргыздын ырларына жаңы өмүр берүү жана чет элдик ырларды кыргыз коомчулугуна тааныштыруу.
Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болду. Жаңы тууну көтөрүү боюнча кандайдыр бир расмий иш-чара өткөрүлгөнү кабарланган эмес. Буга чейин “Ала-Тоо” аянтындагы флагштоктун ардак короол турган жайы демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланганы маалымдалган.
Узаган жыл жаштар үчүн жаратмандыктын, жетишкендиктин жана сыноонун жылы болду. «Азаттык+» жаштардын бул жылдагы жетишкендиктерин жана жаңы жылдагы тилектерин баяндайт.