10-январда Жогорку Кеңеш “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди. Укук коргоо органдары депутатты "2022-жылы кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өткөн" деп айыптоодо. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутат Өзбекстандагы кримтөбөл "Салимбай байбача" деп таанылган Салим Абдувалиевге кат жазганын, анда Кыргызстандын кызмат адамдарына чара көрүү суранычы болгонун айтты. Ушул тапта Жамгырчиевдин каякта экени белгисиз.
Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке келип түштү. Жаңы сунушталып жаткан мыйзамда журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев KG Групп курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын билдирди. Өткөн айда үй камагына чыккан ишкер бийликти сындап, атайын кызмат андан 100 миллион сомду мыйзамсыз доолаганын айтып, социалдык тармактарда кайрылуу жасаган.
1-январдан тарта Кыргызстанда курулушка болгон талаптар, лицензия берүү шарттары өзгөрдү. Эми курулуш компанияларынын уставдык капиталы 20 млн сомдон кем эмес каражатты түзүшү керек.
Ош шаарында көп жылдык дарактын кыйылганы коомчулуктун сынына кабылды. Жашылдандыруу ишканасы кафенин үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылмай болду. Аталган кафе шаардагы эки парктын биринин жанында, бак-дарактуу аймакта жайгашкан. Ушундан кийин шаар мэриясы коомдук тамактануучу жай менен түзгөн келишимин бир тараптуу токтоторун билдирди. Ош шаарында жашыл тилкелердин аянты чоң деле эмес. Жарым миллион калк жашаган шаарда 60 миң түп дарак бар экени маалым.