Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп милициянын тизмесинде турган Майрамбек Низамов (каймана аты - Коён) кайра кармалды. Ал бир жылда төрт жолу кармалып, төрт ирет тең үй камагына чыгып кеткени укук коргоо органдарынын дарегине айтылган сын-пикирди күчөткөн.
23-январда түнкү саат 12:09да кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө болуп, ал өлкө аймагында, Бишкекте да байкалды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, жарандык коргонуу комиссиясын түздү.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Кыргызстанда 23-январга караган түнү болгон жер титирөө элди дүрбөлөңгө салды. Жер титирөөнүн очогу болгон Кытайда жабыркагандарга жардам жеткирилип жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот уланды.
23-январга караган түнкү жер титирөөнүн очогу болгон Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Ак-Чий ооданынын тургуну, кыргыз боордошубуз ал жактагы азыркы абал тууралуу айтып берди. Белгилүү себептерден улам маектешебиздин аты-жөнүн ачык айта албайбыз.
Жер титирөөнүн очогу болгон Кытайда жабыркагандарга жардам жеткирилип жатат. Жергиликтүү медиа бир нече киши жараат алганын, ондогон турак жай урап калганын кабарлады. Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган жок. Алматы шаарында 44 киши ооруканага кайрылганы кабарланды.
23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Бул бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачат.
Тажикстан парламентинин депутаттары Жарандык-процессуалдык кодекстин аталышын тажикче кылып өзгөртүү чечимин кабыл алды. Эми "граждандык" (гражданский) сөзү "мадани" деп аталып калды. Бир нече жыл мурун аскердик наамдарды да тажикчелетүү демилгеси көтөрүлгөн.
Сузактын Көк-Арт айыл аймагынын тургуну, күйөөсүнөн таяк жеп, ооруканага түшкөн 38 жаштагы келиндин абалын дарыгерлер "туруктуу оор" деп баалап жатат. Облустук милиция келин мурда дагы үй-бүлөсүндө ур-токмокко кабылып жүргөнүн билдирди. Келиндин күйөөсү убактылуу камалып, иликтөө жүрүүдө.