23-январга караган түнү Кыргызстандын бир нече облусунда жер силкинди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаланын очогу Кытайдын чек арага жакын аймагында жайгашып, күчү күчү 8 магнитудасына жеткенин билдирди. Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Израил Хан-Юнисти аткылады. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир суткада 178 палестиналык окко учканын айтса, ЦАХАЛ бир аскери мүрт кеткенин билдирди. Кыргыз өкмөтү сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күн тартибинен алып, аны кийинки отурумда карамай болду. Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга жакында насыя ала турганын президент Садыр Жапаров билдирди.
Израил армиясы менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун кармаштары Газанын түндүгүндөгү Жабалиядан баштап түштүктөгү Хан-Юнис шаарына чейин уланууда. Суук түшкөнү жер которгон, чатырларда башкалкалаган бир миллиондой качкындын абалы ого бетер оорлошту.
Сагындык Нурымбетов өз мекенинен качууга аргасыз болгон. Ал былтыр апрель айына чейин Өзбекстандын автономиялуу облусу болгон Каракалпакстандын Кегейли районунда жашаган. Ушу тапта үй-бүлөсү менен Казакстандын Актөбө шаарында баш калкалап жатат.
Президент Садыр Жапаров сугат суу маселесин чечүү үчүн бассейндерди куруу тапшырмасын бергенин билдирди. Мамлекет башчы "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде өлкөдөгү жана региондогу суу маселеси, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна, Токтогул суу сактагычынын абалына учкай токтолду.
Индиялыктар Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Кыргызстандагы окуу жайлардагы билим алуунун акысынын салыштырмалуу төмөндүгү аларды кызыктырат. Бишкекте ресторан, мейманкана, спа-салондорун ачып, ишкерлик жүргүзүп, үй-бүлө күтүп, туруктуу жашап калган Индиянын жарандары дагы бар.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандар Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионун шаңга бөлөдү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Екатеринбургда мигранттарга жасалган рейд маалында адамдын кадыр-баркына шек келтирген ыкмалардын колдонулушу боюнча Орусиянын бийлигине кайрылды.
Орусиянын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Екатеринбургда 17-январдагы рейддик иш-чара маалында мигранттарды казча бастырууга мажбурлаганы териштирилүүдө.