“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов болду.
Президент Садыр Жапаров айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же тийиштүү талаптарды күчөтүү маселесин атайын комиссия карап чыгарын билдирди. Президент бул тууралуу соңку мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруудан кийинки талкууларга жооп берип жатып айтты.
Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 70тен ашык тургуну 2013-жылы кызыл китеби менен сатып алган жерлерин сот аркылуу мамлекетке алып коёт деп коркуп турган учуру. Ал тилкелерге конок үй салып же курулуш жүргүзүп жаткан тургундар маселенин калыс чечилишин күтөт.
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазганы үчүн эки жаран соттолду. Мындан тышкары активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча экспертиза дайындалды. Ал эми камактагы жазуучу Олжобай Шакирдин соту уланууда. Айрым укук коргоочулар муну басым деп атаса, бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын баса белгилейт.