Башкырстанда полиция соттолгон активистти колдоп чыккандарды кармап кетти. 19-январда Уфанын борбордук аянтына экоактивист Фаил Алсыновду бошотуу талабы менен эки миңдей киши топтолгон. Алсынов “кастыкты козутуу” беренеси менен төрт жылга соттолгондон бери нааразылык акциясы уланууда.
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазган эки активист соттолду. Бир катар активисттердин соту уланууда. Башкырстанда нааразылык акцияларына чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Абактагы депутат Адахан Мадумаровдун сотунда күбө катары бир нече киши көрсөтмө берди. Орусиянын Тергөө комитети өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин башчысы Усман Баратовго кылмыш ишин козголду.
Башкырстандын борбору Уфада соттолгон активистти колдоо акциясынын катышуучуларын полиция кармап кетүүдө. Эки күн мурда камалган активист Фаил Алсыновду бошотуу талабы менен 19-январда Уфанын борбордук аянтында эл топтолгон.
Башкырстандын Баймак шаарында 17-январда «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен экоактивист Фаил Алсынов төрт жылга кесилгенден кийин нааразылык акциясы тутанган.
Журналисттерди коргоо комитети билдиргендей, 2023-жылы дүйнөдө түрмөгө камалган журналисттердин саны кескин өстү. Беларус, Орусия сыяктуу мамлекеттер көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабуу үчүн “экстремизм” жана “мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыкты” деген сыяктуу мыйзамдарды колдонгон.