Иран бийлиги 3-январдагы жардыруулар үчүн Израил менен Америка Кошмо Штаттарын айыптады. АКШ 84 кишинин өмүрүн алган окуяга алардын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Кош жардыруу Ирандагы таасирдүү генерал Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда болгон.
Казакстандын TVCOM- спутник жана интернет оператору 1-январдан баштап айрым орусиялык телеканалдарды, анын ичинде "Биринчи каналды" (ОРТ) көрсөтпөй турганын билдирди.
Айылдан шаарга келгендердин көбүнүн батир деген көрүнбөгөн көйгөйү болот. Көчөдөн-көчө койбой издеп жүрүп үй табыш – тозок жумуш. Мамат Сабыровдун “Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа” аңгемесинде мына ушул көйгөй, жаш адамдын турмушу сүрөттөлгөн.
Орусияда ондогон эстрада жылдыздарын чогултуп, Настя Ивлеева уюштурган "дээрлик жылаңач кеченин" катышуучуларын каралоо азыр да уланып жатат.
Жаңы жыл түнүндө Санкт-Петербургда үч миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Анын көбүнүн документтеринде мүчүлүштүктөр аныкталып, бир тобу Орусиядан депортациялана турганы белгилүү болду.