26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы кызды милицияга таандык автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. ИИМ бул окуяга байланыштуу 27-январда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев кармалганын маалымдады.
Тарыхчы-окумуштуу Аскар Беделбаевдин өз атасы Улуу Үркүн маалында Бедел ашуусунда төрөлүп, кийин экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жана туткунга түшкөн. Ал эми чоң атасы 1916-жылкы Улуттук Боштондук кыймылына катышып, Үркүн маалында Кытайга качып барып, кайра мекенине келген.
26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы кызды милицияга таандык автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. ИИМ бул окуяга байланыштуу 27-январда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев кармалганын маалымдады.
Женевада миграция темаларын талкуулаган глобалдык форумда кыргызстандык Айтолгон Боронбаева миграциядагы аялдардын укуктары тууралуу маселени көтөрдү. Ал былтыр Польшадагы кыргызстандык кыз-келиндердин башын бириктирген "Данакер" уюмун негиздеген.
Жалал-Абадда эки жыл мурун курулган муниципалдык базарда соода болбой, бирин-серин гана сатуучу калды. Көпчүлүк көнүп алган борбордук базардан соода кылып, жаңы базардын иш жүрбөй калганын айтып жатышат.
Калык Акиев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры Бишкекте атактуу ырчы Мыскал Өмүркановага арналган "Жаша, Мыскал!" аттуу спектаклди койду. Чыгармада ырчынын чыгармачыл жолу эле эмес, жеке тагдыры, ички арманы чагылдырылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинде 300 млрд долларга жакын байлык жатканын, урандан башка дагы сейрек кездешкен металлдар бардыгын билдирди. Ал учурда илимпоздор бул кендин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатканын айтты.