БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш донор-мамлекеттерди палестиналык Качкындар агенттигине жардамды улантууга чакырды.
Баткенде үч жасалма мөнгү тоңдурулду, аны дагы көбөйтүү пландалууда. Мындай жол менен суу тартыштыгын жеңилдетип, кайракы жерлерге суу жеткирип, жайыттарды жакшыртуу аракети көрүлөт.
Кыргыз бийлиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, анын мүлктөрү конфискация болорун билдирди. Бул кадамды жарандык коом колдоп, бирок кечиккен чара катары да баалап жатат.