Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө беш салмактан чемпиондор аныкталды. Соңку жылдары кыргыз балбандары эл аралык мелдештерде чоң ийгиликтерди жаратууда. Чемпионатты уткандар Париж Олимпиадасына катышуу үчүн лицензиялык мелдештерге барат.
9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйынында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деп тапты. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар “Азаттыкка” билдирди.
Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдөгү №31 түзөтүү мекемесинде каза тапты. Маркумдун жакындары иликтөө жүргүзүүнү бийликтен суранган. Юстиция министрлиги комиссия түзгөнү, Башкы прокуратура текшерүү иштерин баштаганы маалым болду. Абакка камалгандан кийин ооруканага түшүп же камерада өлүмгө дуушар болгон окуялар буга чейин да катталган. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө абактагы өлүм менен аяктаган окуяларды, анын себептерин талкууладык.
Жазуучу Олжобай Шакирдин сотунда анын социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган адис көрсөтмө берди. Былтыр августта кармалган публицистке "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып тагылган. Жазуучу андай айыпты четке каккан. Газа тилкесинде согуш башталган үч айда 79 журналисттин өмүрү кыйылды. Анклавдын түштүгүндө айыгышкан салгылаш уланууда. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткан саясатчы Бектур Асанов ооруканага которула элек. "Кемпирабадчылар" "оппозиционерге... Читать дальше...
"Журналисттерди коргоо комитети" эл аралык уюму согуш баскан анклавда 79 медиа кызматкердин өмүрү кыйылганын кабарлады. БУУ үч айда мынча сандагы журналисттин өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге барды. Анклавдын түштүгүндө согуш уланууда.