Быйыл 28-январда президент Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине толук үч жыл болду. Ал 2021-жылы 10-январда шайлоодон утуп чыгып, 28-январда инаугурациясы өткөн. Саясий жарышка Жапаров менен кошо дагы 17 киши катышып, бирөө шайлоого аз калганда талапкерликтен баш тарткан.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенине үч жыл толду. Бийлик негизги жетишкендик катары бир катар экономикалык көрсөткүчтөрдү белгилейт. Үч жыл ичинде экономикада кандай өзгөрүүлөр болду? Калктын жашоо-тиричилиги жакшырдыбы?
Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенине үч жыл болду. Бийлик бул аралыктагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, социалдык мекемелердин курулушун, армиянын күчтөнгөнүн, чек аралардын такталып атканын белгилейт. Ошол эле маалда сөз эркиндигинин абалына, оппозициялык саясатчылардын, жарандык активисттердин, көз карандысыз журналисттердин камалганына кабатырлангандар да көп.
Расмий Анкара жекшембиде Стамбулда католиктердин чиркөөсүндө бир кишини өлтүргөн шектүүлөр кармалганын, алар орусиялык жана тажикстандык жарандар экенин жарыялады. "Ислам мамлекети" террордук уюму кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.
Кыргыз бийлиги экс-бажычы Райымбек Матраимовдун 80 миллион долларга бааланган мал-мүлкү конфискация болорун билдирди. Мурда кармалып, айып пул менен бошогон Матраимовго өткөн апта издөө жарыяланган. Жо Байден Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапкан үч америкалык аскердин өлүмүнө жооп кайтарыларын эскертти. Иран "ал окуяга тиешеси бар" деген айыптоолорду четке кагууда. 11 журналист Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулду. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор алар... Читать дальше...
Президент Жо Байден америкалык үч аскердин Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапканына жооп кайтарыларын эскертти. Иран ал окуяга тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагууда. Бул окуя эксперттер Газадагы жаңжал ырбап кетиши мүмкүн деп тынчсызданып турган маалда болду.
Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Пржевальск-Пристаны совет доорун эске салган айылдардын бири. Бир кезде согуштук кемелер үчүн ок-дары чыгарып, аны сыноодон өткөргөн аскердик база болуп турган. Кыштактан азыр ураган имараттарды, ээн калган портту көрүүгө болот.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу ири Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн билдирди. Ал 27-январда Ошко барганда базар турган жерге соода борборлору куруларын айтты.
Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген.