Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Пржевальск-Пристаны совет доорун эске салган айылдардын бири. Бир кезде согуштук кемелер үчүн ок-дары чыгарып, аны сыноодон өткөргөн аскердик база болуп турган. Кыштактан азыр ураган имараттарды, ээн калган портту көрүүгө болот.