16-январда Катардын Доха шаарында өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Тайланддын футболчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди.
16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кетти. Ички иштер министрлиги "массалык башаламандык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Биринчи Май райондук соту Фейсбуктагы посту үчүн камалган активист Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробация менен сот залынан бошотту. Иран Израилдин чалгын кызматы - Моссаддын Эрбил шаарындагы кеңсесине сокку урганы кабарланды. Читать дальше...
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдстан автоном аймагындагы жана Сириядагы Тегеранга каршы күчтөргө сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, баллистикалык ракеталар менен Израилдин чалгын кызматы - Моссаддын “тыңчылар” кеңсеси жок кылынды.
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жакындан көз салган эл аралык уюмдар маалымат каражаттарынын кеңселеринде, алардын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, журналисттерди суракка алган окуяларды кескин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого үндөдү.
Кыргызстанда журналисттердин үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жапырт суракка алынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар муну “эркин басма сөзгө басым”, кээлери “журналисттерди коркутуу” деп атап жатышат.
16-январдын таңында Кыргызстанда ондой журналисттин үйүндө тинтүү болуп, Ички иштер министрлиги аларды “Массалык баш аламандыктарга” айыптап жатат. Кармалган журналисттердин дээрлик баардыгы “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери.
16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кеткен.
Дем алыш күндөрү MBank электрондук капчык кызматынын тегерегинде маселе жаралып, жүздөгөн кишилер акчасы жоголгонун айтып чыкты. Көп өтпөй компания кардарлардын эсебиндеги акчанын дайынсыз болуп жатышын техникалык мүчүлүштүк деп атап, маселе жайгарылганын билдирди.
16-январдын таңында Кыргызстанда бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын суракка алып кетти. Алардын дээрлик баары “Темиров LIVE” редакциясынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери.