Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүндө шакирттери эскерүү концертин тартуулап, айтыш уюштурду. Ак таңдай төкмөнүн шакирттери өлкөдөгү саясаттан тартып, аялдар укугу, миграция, эне тил сыяктуу талылуу маселелерге кайрылышты.
Атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 17-январда 46 жашка чыкмак. Акындын туулган күнүн утурлай "Айтыш" коомдук фондундагы шакирттери өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты. Акындын жаркын элесин эскерген иш-чаралар Казакстанда жана Түркияда да өттү.
Таңкы тинтүү жана кармоо, президентти сындаган блогерлерди абакка же психиатрикалык клиникаларга камоо, журналисттерди дискредитациялоо жана мүлкүнө кол салуу аракети, басма сөз эркиндигин чектеген жаңы мыйзамдар. Борбор Азияда көз карандысыз медиага басым-кысым, куугунтук күчөдү. Андай учурлар эмнеден кабар берет? Региондогу бийлик өкүлдөрү эмне себептен эркин журналисттерден чочулашат? Маалымат алуу жана эркин таратуу укугун чектөө кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?
Кыргызстанда ондон ашуун журналисттин камалышы парламентте талкууланды. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин журналисттердин укугун коргоого чакырды. Курманбек Бакиевге байланыштуу кеп-сөздөрдөн улам "апрелчилер" нааразылык акциясына чыкты. Президенттик администрация Бакиев тууралуу маселе дегеле күн тартибинде жок экенин белгиледи. Пакистан Ирандын аймагына сокку уруп, кеминде тогуз киши каза тапканы кабарланды. Буга чейин Иран Пакистандын аймагындагы террорчуларды бутага алып, ракета аткан.
18-январдын таңында Пакистан коңшу Ирандын аймагында жоочулар жашырынган жайларга сокку урганын билдирди. Тегеран тараткан маалыматка ылайык, чабуулда кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрт бала, үч аял бар.
Бишкекке жакын райондордун 30дан ашуун айылдарын шаарга кошулат. Баш калаанын аянты үч эсе көбөйөт. Борбор шаарда жол тыгын, таштанды, ыш, эскирген коммуникация сыяктуу бир катар көйгөйлөр аягына чейин чечилбей турат. Бишкек канткенде жашоого ыңгайлуу, жагымдуу шаарлардын катарына кошулат? "Азаттыктын" студиясына келген коноктор: Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Дамира Жолдошалиева жана "Юнисон Групп" уюмунун жетекчиси Жаныбек Кулумбетов.
17-январда Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Достук кичирайонуна жакын жердеги машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, экипаждын командири, капитан Жайыл Самудинов курман болду. Ал болгону 29 жашта эле.
Үй-бүлөдөгү зомбулукка атайын кызматтын көңүл бура баштаганы "Кыргызстанда кыз-келиндердин көйгөйү улуттук коопсуздук маселесине айландыбы?" деген суроону күн тартибине чыгарды.
Кемпир-Абад иши боюнча камалган айрым саясатчылар жакындарына басым күчөгөнүн айтып чыгышты.
17-январда Страсбургда Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлуп, жактырылды. Аны парламенттеги 629 депутаттын 543ү колдоду. Резолюцияда «бийлик башындагы авторитардык режимдерге адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоого» чакырык ташталган.