16-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
“Бөлүнбөгөн чек ара” тасмасын эки жаш режиссер - Кыргызстандан Асел Жураева жана Тажикстандан Дилошуб Орифзода жаңжалдан улам эки тараптан тең чек ара жабык турган, кыйын кырдаалда тартышты. Заманбап технологиянын жана “Озоди” радиосунун колдоосу менен алар виртуалдуу шартта бирге иштешип, кооптуу күндөрдүн кинодокументин түзүштү.
47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда орус медиасы Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.
Кыргыз өкмөтү 2017-жылы Евразия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар насыя алып, ага "Камбар-Ата-2" ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизмек. Анын кубаттуулугу 120 МВт боло турганы айтылган. Бирок ошондон бери долбоор ордунан жылбай, негизги карызды жоюу мөөнөтү келип калды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги журналист, Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожанын тилге байланыштуу сөзүнө нааразылыгын билдирди. Буга чейин орусиялык бир нече улутчул саясатчылар "Өзбекстанды аннексиялап алуу керек" дегенге чейин барган.
Ош шаарында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мөөр басып кетти.