Быйыл Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесинде көк бөрү жана кыргыз күрөшү жок экени белгилүү болду. Маданият министри Алтынбек Максүтов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул улуттук эки оюнду тизмеге киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү.
Маркум, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Европада киши өлтүрүү айыбы менен соттолгон орусиялык кылмышкерге алмаштыруу аракети болгонун анын тарапташтары билдирди. Маалыматтарда аны Вадим Красиковго алмашуу боюнча макулдашуу жетишилгенден кийин каза болгону айтылууда. Бул арада Навальныйды акыркы сапарга узатууну өткөрө турган жай издештирилип жатканы, бирок Москва мэриясынын чектөөлөрүнөн улам чиркөөлөр жана имараттар уруксат бербей жатканы тууралуу маалыматтар бар.
Ысык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон чет элдик төрт туристтин тек-жайы такталды. Маркумдар тоого лыжа тебүү үчүн чыккан. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатууну өткөрө турган жай издештирилип жатканы, бирок бийликтин чектөөлөрүнөн улам чиркөөлөр жана имараттар уруксат бербей жатканы айтылууда. Адахан Мадумаров 29-февралда сотто суракка алына баштаары кабарланды. Оппозициялык саясатчы эки кылмыш иши боюнча айыпталууда.
27-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Oндогон тажик жараны Стамбул шаарындагы аэропортто кармалып турат. Түрк полициясы аларды киргизбей, депортациялоо чечимин чыгарган. Түрк бийлигинин мындай чечимине 28-январда Стамбулдагы чиркөөгө кол салууга бир тажик жараны айыпталып, кармалганы түрткү болгону маалымдалды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги соңку учурда телефон шылуундары күч алганын байма-бай эскертүүдө. Ошондой эле жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин жардамы менен жогорку жетекчилердин сүрөтүн, видеосун пайдаланган алдамчылык каржы жарнамалары пайда болууда.
Маркум оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Европада киши өлтүрүү айыбы менен соттолгон орусиялык кылмышкерге алмаштыруу аракети болгонун анын тарапташтары билдирди. Мария Певчих Навальный Вадим Красиков менен алмашуу боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин каза болгонун айтууда.