Орусияда абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Борбор Азияда талкууга түштү. Аны эскерүү акциялары Орусиянын жана дүйнөнүн бир катар шаарларында, Бишкекте да өттү.
Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын парламенттен кетирүү талабы айтыла баштады. Мындай пикирди бийликке жакын делген телеканал таратып, социалдык тармактарда маалыматтык кампания жүрүп жатат.
“Элдин балдары” подкастынын бул жолку коногу алып баруучу, тамада Урмат Борченов. Анын менен тойдогу ысырапкерчиликтен баштап, коомдогу көйгөйлөр, жарандык активизм жөнүндө сүйлөштүк.
Социализм тушунда Арстанбектин чыгармалары идеологиялык зыяндуу, реакциячыл деп бааланып, эчен жылдар тыюу салынып келди. Жарамсыз система тарыхый тактысынан шыпырылып түшкөндөн кийин улуу акындын адабий мурасына жол ачылды.
Бишкекте 11 журналист кармалып, камакта жатканына бүгүн туура бир ай болду.
15-февралга караган түнү Казакстандын Алматы шаарында жашаган каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) камакка алынганы кабарланды.
Президент Жапаров мүлкүн жашырып жүргөндөрдү байлыгын легалдаштырууга чакырып, мурда башкаларга каттаткан 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө жаздырганын жарыялады. Кирешени легалдаштыруу боюнча мыйзам 1-июлга чейин күчүндө экенин эскертип, 100% коопсуздукка кепилдик бардыгын белгиледи.
2024-жылы 16-февралда орус бийлиги оппозициялык лидер Алексей Навальныйдын колонияда каза болгонун кабарлады. "Свобода" радиосу Навальныйдын ар кайсы жылдардагы сүрөттөрүн жарыялады.
Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда орус медиасы Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган. Навальный орус президенти Владимир Путиндин келишкис оппоненти катары таанымал.