Арсланбек Кенжетегин, Түркиянын Самсун шаарындагы Ондокуз Майыс университетинин (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) дин социологиясы бөлүмүнүн докторанты. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы иранчыл топторго каршы операцияларын уланта берерин билдирди. АКШнын жана Британиянын күчтөрү 4-февралда Йемендеги буталарга дагы бир нече ракета атты.
Оштогу “Астра Плюс” компаниясынан турак жай сатып алган 40ка чукул жаран компаниянын ишине нааразы болушууда. Алар турак жайларын компания келишимде көрсөтүлгөн убакта бүткөрүп бербегенин айтып даттанууда. Үйгө муктаж тургундардын айрымдары толук бүтө элек көп кабаттуу үйгө кирип жашат жатат. Ош шаардык мэриясы бул курулушту мыйзамсыз салынган имараттардын катарына кошкон.
Төрт айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 196 чакырымы боюнча макулдашылып, жалпы чек аранын 90% сүйлөшүлгөнүн тажик президентинин сайты жазды. Бишкек жылуулук борборундагы жарылуу 14-отказандын жанындагы көмүрдү майдалаган тегирменде болгону расмий кабарланды. Ошто дарыгерлерди сабаган деп шектелген 33 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Оорукана жетекчилиги токмоктолгон дарыгерлерге шектүүнүн жакындары басым жасап жатканын айтууда. Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы... Читать дальше...
"Жылдын мыкты альбому" номинациясында "Грэмми" сыйлыгы америкалык ырчы Тейлор Свифтке ыйгарылды. Ал бул абройлуу сыйлыкты төрт жолу алган биринчи аткаруучу болуп калды. Былтыр ырчынын тапкан кирешеси айрым чакан өлкөлөрдүн казынасынан да ашып, 1 миллиард долларддан өттү.
Бишкек шаардык соту 20 күн мурда чогуу кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, 13-мартка чейин абакта калтырды. Бишкек шаардык сотунун судьялары журналисттерди "камакка алуу мыйзамдуу жана чечим күчүндө калтырылсын" деген коендой окшош чечимдерди окуду.
Ысык-Көл дүйнөдө тоо арасында жайгашкан эң терең көлдөргө кирет. Кыргызстандагы туризимдин борборунун бири. Көлгө ондогон өзөн суулар келип куят. Соңку үч жылда көлдүн суусу 10 метрге чейин тартылып кеткен. Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, моңгүлөрдүн эриши көгүлтүр көлгө кандай таасир этип жатат? “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышы Ысык-Көлдүн экосистемасына арналды.
Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка байланыштуу айрым жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү.
Бишкекте жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш калаанын мэрине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна ушундай тапшырма берди.