Cталиндин куугун-сүргүнүнө дуушар болгон жарым миллионго чукул чечендер жана ингуштар Кавказдан Борбор Азияга күч менен көчүрүлгөнүнө 80 жыл болду. Кыш чилдеде, узак жолдо жүк тарткан вагондордо бөөдө кырылып, азап-тозок менен жеткен элдин Кыргызстанда эки миңдей урпагы жашайт. Улуттук трагедияны алар жыл сайын 23-февралда “Аза күтүү жана ата бабаларды эскерүү” күнү катары белгилешет. “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышы Кыргызстанда жашаган чечендердин жашоосун көрсөтөт.
23-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Улуттук коопсуздук комитети Бишкектеги "Беш-Сары" соода жайынын ээси, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу, кош бухгалтердик эсеп-кысап жүргүзүү фактысына шек саналып кармалганын билдирди.
Соңку жылдары 23-февраль өлкөдө майрам катары белгилениши керекпи же жокпу деген талкуу жаралып келет. Бул датаны советтик доордун мурасы катары сыпатташып, согушту романтизациялоону токтотуу керектигин айтышат.
Казакстанда миңдеген кишинин жеке маалыматы интернеттеги ачык булактарга кантип тарап кеткени иликтенүүдө. Дареги, жеке документи, жада калса телефондон качан ким менен сүйлөшкөнү тууралуу маалымат Гит Хаб сайтына жарыяланды. Жеке маалыматы ачыкка чыккандардын арасында казакстандык төрт мобилдик байланыш компаниясынын кардарлары бар. Бул ишке Кытай өкмөтү менен тыгыз кызматташкан IT компаниянын тиешеси бар экени кабарланды.
Кыргызстанда акыркы жылдары дыйкандар үчүн сугат суусу таңсык болууда. Өткөн жылы Чүй облусунун чарбалары ушул себептен түшүмдүн үчтөн биринен кол жууган. Өлкө бийлиги бир нече жылдан бери атайын бассейндерди куруу жана каналдарды ылайдан тазалоо аркылуу суу тартыштыгы маселесин чечүүнү убада кылып келет.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) камакка алынган журналисттерди суракка ала баштады. Мунун алдында учурда тергөө абагында отурган кабарчы Сайпидин Султаналиев тергөөчүлөр аны бир айдан ашык суракка чакырбаганын билдирген.