Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт-Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевди көрсөттү. Бул тууралуу вице-спикер Улан Примов 5-октябрдагы сессияда билдирди. Учурда жаңы спикерди шайлоо башталды. Буга чейинки төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирген. Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 5-октябрда Дүйнөлүк банктын Аксель Ван Троценбург баштаган өкүлдөрү менен жолугуп, табыгый кырсыктарга байланыштуу жагдайды, кызматташуу маселелерин талкуулады. "Ажикеев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктар көбөйүп жатканына токтолуп, Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый мүнөздөгү кырсык катталарын белгиледи. Өлкөдө сел, суу ташкындары жана жер көчкү жүрүү кооптулугу жогору турган аймактар көйгөйгө айланганын, жыл сайын табигый... Читать дальше...
Быйыл сентябрь айында Орусиядан Кыргызстанга 21 мигранттын сөөгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Август айында элчилик 31 кыргызстандык мигранттын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшкөн. Маалыматта элчиликтин көмөгү менен бул айда кыргызстандык мигранттарга 7 млн. 757 150 рубль өлчөмүндө айлык акысы төлөнүп берилгени жазылган. Элчиликтин жардамы менен кыргызстандык эки жаранды Орусиядан депортациялоо боюча эки сот токтому жокко чыгарылып, миграция мыйзамдарын... Читать дальше...
Варшавада кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жылдык жыйынында эл аралык укук коргоо уюмдарын Казакстандагы Январь окуяларына, анын иликтенишине көңүл бурууга чакырды. Быйыл январдын башында Рузахунов Алматыда жок жерден кармалып, кыйноого кабылганын, бул үчүн бүгүнкү күнгө чейин коңшу өлкөдө эч ким жоопко тартылбаганын жана казак бийлиги кечирим сурабаганын айтты: "Мен Кыргызстандын жарандык коомунун жардамы менен бошотулгандан кийин бардык айыптоолор алынды. Читать дальше...
Кыргызстандагы Октябрь окуяларына быйыл эки жыл толду. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин өлкөдө Конституция өзгөртүлүп, президенттик башкаруу формасы кирди. Бул аралыкта чек арада кандуу жаңжалдар чыгып, бир катар саясий окуялар катталды. Кыргыз бийлиги Кумтөр кенин улутташтырып, коррупцияга каршы жигердүү күрөш баштаган. Ала-Тоодогу соңку эки жылдагы өзгөрүүлөрдү чет элде жүргөн мекендештердин көзү менен талдаганга аракет кылдык. Атайын талкууга АКШнын Чикаго штатында эмгектенген Улан Шоруков... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты. Спикер эки жылга жакын убакта парламентти жетектөөгө ишеним артканы үчүн кесиптештерине ыраазычылыгын айтты. Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого катышып, 29-октябрда 7-чакырылыштагы... Читать дальше...
Сентябрь айынын акыркы аптасында Кыргызстанда 77 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Учурда коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Бустердик эмдөөнү мындан үч-төрт ай мурда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары алса болот. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Читать дальше...
Улуттук энергохолдинг ишканасынын Башкаруу кеңешинин төрагалыгына Таалайбек Байгазиев кайрадан дайындалды. Аны эмгек жамаатына 4-октябрда энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев тааныштырды. Министрдин милдетин аткаруучу кышка даярдык, энергетика тармагындагы реформаны аягына чыгаруу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө сыяктуу милдеттер турганын айтып кетти. Таалайбек Байгазиев Улуттук энергохолдинг ишканасын мурда да жетектеген. Андан кийин "Электр станциялары" мамлекеттик мекемесин жетектеп турган. Читать дальше...
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда мерт болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Аталган мекеме чек ара жаңжалында ажал тапкандардын тизмесин расмий жарыялай элек. Соңку чек арадагы кагылышта 206 адам жараат алган. 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев Баткенде куралдуу кол салуу маалында дайынсыз жоголгон жоокер Дастан Анарбековдун апасы бийлик өкүлдөрү менен бир канча күндөн бери жолуга албай жатканын билдирди. Ал буга байланыштуу 5-октябрдагы сессияда президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды. "Мен бул маселени ушуну менен үчүнчү жолу айтып жатам. Ал жоокердин апасынын бир буту Бишкекте, бир буту Таласта болуп жатат. Анын апасын Чек ара кызматынын башчысына, же атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 5-октябрдагы жыйынында Баткенде чек арадагы куралдуу кол салуудан кийинки абалга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жаңжалдан жабыркаган Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары президентке кайрылганын, жергиликтүү тургундар Садыр Жапаровдун келишин күтүп жатканын билдирди. "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жашаган элдин 70% көчүп кетип калды. Мектептерде ар бир класста 5-6дан гана окуучу калды. Мисалы, Арка айылында жалаң гана эркектер калды. Эл чилдей тарады. Читать дальше...
Орусияда Уссурийск райондук соту бакшы Александр Габышевди психиатриялык ооруканада күчтөп дарылоонун мөөнөтүн узартты. Бул туралуу юрист Алексей Прянишников кабарлады. Анын билдиришинче, судья Габышевди Москва шаарында психологиялык-психиатриялык экспертизадан кайталап өткөрүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Якутиялык бакшы былтыр жыл башында психдиспансерге күчтөп жаткырылган. Анын алдында Габышев мурда үзгүлтүккө учураган Кремлге болгон жөө жүрүшүн улантарын билдирген. Габышев 2019-жылдын... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлады. Мындай жарлык укуктук маалымат порталына 4-октябрда жарыяланды. Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган. Рахмон 2020-жылы октябрда президент болуп бешинчи жолу шайланган жана бийликте турганына 28 жыл болду. Читать дальше...