Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон ички добуш берүүдө 100дөн ашык консерватор-депутаттын колдоосуна ээ болгону кабарланды. Бул тууралуу бир катар британ басылмалары Жонсондун айланасындагы булактарга таянуу менен жазды. Депутаттардын 100дөн ашыгы колдогон талапкер шайлоого катыша алат. Дагы бир талапкер болушу ыктымал Риши Сунактын жактоочулары Жонсонду колдогондордун саны тууралуу маалыматтан күмөн санап, аны далилдөөнү талап кылып жатышат. Би-би-синин өзүнүн эсебине ылайык... Читать дальше...
Ирандын атомдук энергия боюнча агенттиги анын туунду компанияларынын бирине тиешелүү электрондук почтасынын сервери чет өлкөлүктөрдүн кийлигишүүсү менне бузулганын маалымдады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат басылмалары агенттик таянуу менен кабарлады. Компаниянын ички каттарында камтылган айрым маалыматтарды хакерлер интернетке жарыялап жибергени да айтылды. Анда агенттиктиктн ата мекендик жана чет элдик компаниялар менен атомдук энергетика боюнча түзгөн келишимдери сыяктуу маалыматтар камтылган. Читать дальше...
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын маалымдады. Бирок бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаев кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев... Читать дальше...
23-октябрда бир нече оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин үйүндө милиция тинтүү жүргүздү. Алардын айрымдары сурак бергенден кийин кармалды. ИИМ кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова 48 саатка кармалды. 23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакыноппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Абдирасулова алардын жакындары, адвокаттары менен такай байланышта болууда. Читать дальше...
23-октябрда “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин үйүндө милиция тинтүү жүргүздү. Алардын айрымдары сурак бергенден кийин кармалды. ИИМ кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев үйү тинтүүгө алынып, суракка алынган саясатчы, активисттер тууралуу пикирин билдирип, аларды үй камагына чыгарып ишти ар тараптуу тергөөгө чакырды. Текебаев Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизет Суранова мыйзам бузууга барбай турганына ишенерин айткан. “Коркутуп, үркүтүү, кармоо, камоо туура эмес жол деп эсептейм. Бул жакшылыкка эмес, туңгуюкка алып барат. Муну биздин акыркы отуз жылдык тарыхыбыз көргөздү”, - деди Текебаев. Читать дальше...
Журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев саясатчы, активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындап чыкты. Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандарды кармалышын айыптап, бийлик, милиция жетекчилерин аларды бошотууга чакырды. “Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул өтүнүч эмес, талап. Мыйзамды одоно бузбагыла", - деди Акаев. Депутат Тазабек Икрамов Фейсбук баракчасында “саясий кысымга алуу... Читать дальше...
Орусиянын Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү. Орус бийлигинин маалыматына ылайык, 23-октябрдагы бул окуядан учактын эки пилоту тең мерт болду. "Жайкын тургундар арасында жабырлануучулар жок", - деп билдирди Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Бийлик Су-30 аскердик учагы машыгуу маалында кырсыкка учураганын билдирүүдө. Бирок учактын кыйрашына так эмне себеп болгону айтыла элек. Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев жарыялаган видеодон эки кабаттуу үй өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген. Ошондой эле, элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев... Читать дальше...
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен саясатчы, активисттердин үйлөрүн тинтүү, суракка чакырылышы боюнча жолугуп чыкты. Бул тууралуу Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасында жазды. “Акыйкатчы катары окуяга калыс пикирим кандай, адам укуктары сакталып, кандайдыр бир кыйноо же адамгерчиликсиз мамиле болгонбу, баардыгында өздөрү ишеним көрсөткөн адвокаттары барбы ж.б. стандарттардын сакталышын сурады”, - деп жазды Абдрахматова. 23-октябрда эртең менен бир нече оппозициялык саясатчы... Читать дальше...
Жекшембиде Кытайдын башкаруучу саясий партиясы - Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ курултайы жыйынтыкталды. Курултай Си Цзинпинди башкы катчылык кызматка кайра шайлады. Бул анын үчүнчү мөөнөтү болмокчу. Ошондой эле курултай партиянын Борбордук комитетинин жаңы курамын бекитти. Саясий бюронун Туруктуу комитетинин мурдагы жети мүчөсүнүн төртөө кайра тандалган жок. Алардын арасында Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян дагы бар. Азыркы лидер Си Цзинпин сүйлөөр алдында Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзинтао залдан чыгарылды. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган”, - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...
24-октябрда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14; Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14; Бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3 градус. Читать дальше...
Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Свердлов ички иштер бөлүмүндө укук коргоочу Рита Карасартова менен жолукканын маалымдады. Анын маалыматында, Карасартова “массалык башаламандыкка" шектелип жатат. Ошондой эле Акыйкатчы жарандык активист Акыл Айтбаев менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. "Анын үйүндө эч ким жок болгондуктан тинтүү жүргүзүлгөн эмес",-деди Абдрахматова. Адвокат Чынара Жакупбекова саясатчы Клара Сооронкулованы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып баратышканын жазды. Читать дальше...
Баткен облусунун Кадамжай районунда ата-баланын киши колдуу өлүмүнө байланыштуу шек саналган эки кишини кармоо учурунда каршылык көрсөтүлүп, атышуу болгону кабарланды. Кармоо үчүн барган атайын топтон үч милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Шектүүлөрдүн бири октон каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милициянын маалыматы боюнча, кармалган 19 жаштагы шектүү кармоо учурунда каршылык көрсөтүп жатып каза болгон шериги менен кылмыш жасаганын айтып берген. Читать дальше...
Омбудсмен Атыр Абдрахматова үйү тинтилип, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатканы айтылган жарандык активисттер боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери иштеп баштаганын “Азаттыкка” билдирди. “Мен дагы социалдык тармактардан маалымат алдым. Али Шабдан Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө, Эрлан Бекчоро Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө экен. Рита Карасартованын үйүнө дагы кызматкерлер барышат”, - деди ал. Жарандык активист Эрлан Бекчоро Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө отурганын “Азаттыкка” билдирген. Читать дальше...
Жарандык активист Эрлан Бекчоро Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө отурганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, үйү тинтүүгө алынгандан кийин милицияга алып келишкен. “Кемпир-Абад боюнча массалык башаламандык уюштуруу аракети болууда деп тинтүүгө алышты. Азыр тергөөгө кирип баратам”, - деди ал. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова үйү тинтүүгө алынгандар менен байланышып жатканын маалымдады. Анын маалыматында, 12 адамдын үйү тинтилип, Али Шабдан атуу активистти дагы милицияга алып кеткен. Читать дальше...
“Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маалымдап, учурда милиция анын үйүнө келгенин билдирди. “Дээрлик бардык мүчөлөрүнүн үйлөрүн тинтип жатышат. Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Рита Карасартова, иши кылып барыбыздыкына келди. "Массалык башаламандык даярдап жатышат" деп кылмыш иши козголуптур”, - деди Жээнбеков. Читать дальше...
Кыргызстандык таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев өткөн аптада Копенгагендеги консерваториянын чоң залында жеке концертин берди. Ал азыр Даниянын падышалык оркестринде ойнойт, таланты жана билими үчүн ага Даниянын өкмөтү атактуу мастер Антонио Страдивари даярдаган байыркы скрипканы ыйгарган. Жумаш Дурусалиев – ушу тапта скрипка үчүн жазылган эң татаал чыгармаларды Европадагы чоң залдарда аткарган кыргызстандык сейрек музыканттардын бири. Копенгагендеги концертке келген классикалык музыка күйөрмандары... Читать дальше...