Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну бүгүн, 18-октябрда райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Акжол Шадманов билдирди. Анын айтымында, 59 жана 63 жаштагы эки айылдашын Өзгөн райондук милициясына “Ватсапта” ачылган ачык тайпада жазылган пикирлерге байланыштуу алып кетишкен: “Ватсаптан кечээ ачык тайпа ачышкан экен. Анда 500-600 киши болуп кетиптир. Ар ким ар кандай пикирин жазган экен ал жакка. Читать дальше...
Фейк маалымат жөнүндөгү мыйзам алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сегиз кайрылууну карап чыкканын бүгүн 18-октябрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. Анын айтымында, эки сайттын ишин хостинг–провайдер аркылуу эки айга чейин жабуу тууралуу чечим кабыл алынып, кийин ал чечимдердин бири жокко чыгарылган. Министрлик менен социалдык түйүндөрдүн (Facebook, Telegram, Tik Tok, Youtube, Twitter, Instagram)... Читать дальше...
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин салык декларациясын ачык жарыялоону мындан ары токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда Экономика министрлигинин бир катар мыйзамдарга сунуштап жаткан өзгөртүүлөрү талкууланган “парламенттик угуу” жыйынында белгилүү болду. Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мусуралиев Салык кызматынын айрым милдеттерин алып салуу каралып жатканын билдирип, анын себеби так көрсөтүлбөгөнүн, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын көздөгөн ишмердүүлүк менен алектенген кызматкерлердин кирешеси... Читать дальше...
“Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды. Териштирүү алкагында уюштурулуп жаткан бул экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылды. 13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан. Алардын... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-октябрда маалымдады. "Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн... Читать дальше...
Кыргызстандын коопсуздук кызматы чек арадан 2 млн. 750 миң АКШ долларын Тажикстандан мыйзамсыз алып кирген жарандарды кармады. Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен жүк ташыгандар тыйылбай жатат. Жергиликтүү тургундар кимдир бирөө калкалабаса, бул мыйзамсыз иш токтомок деп нааразы болууда. Баткенде Тажикстандан аткезчилик жол менен ири суммада чет өлкөлүк валюта алып чыгууга шек саналган төрт адам кармалганын 17-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди. Читать дальше...
Динара Бейшеналиева кыргыз поэзиясында өз үнү, өзгөчө стили бар акындардын бири. Быйыл "Ак" деген аталыштагы ыр жыйнагы жарык көрдү. Биз акын менен аялдар поэзиясы, азыркы доордогу баалуулуктар, оош-кыйыштар тууралуу маектештик. Акындын алгачкы китеби 1992-жылы "Кызыл алма" деген аталыш менен чыккан. "Ак" - көптөн бери көңүлүмө багып жүргөн сөз - Динара айым, сиздин китебиңиз колго тийгенде "Ак" деген аталышы өзгөчө көрүндү. Китептин мукабасы дагы ак экен... - Китептин атын "Ак" деп атаганым... Читать дальше...
Интернеттеги эркиндиктин деңгээли боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде Орусия 70 мамлекеттин ичинен 65-орунду ээледи. Эл аралык рейтингде Орусия бир жылда жети упай жоготту, бул башка өлкөлөр арасындагы эң чоң төмөндөө жана Орусиянын 2009-жылдан берки эң начар көрсөткүчү. Бул тууралуу америкалык Freedom House изилдөө уюмунун соңку баяндамасында айтылат. Докладдын авторлору интернеттеги глобалдык эркиндик 12-жыл катары менен төмөндөгөнүн белгилешүүдө. Акыркы бир жылда абал 28 өлкөдө начарлап, 26сында жакшырган. Читать дальше...
В Екатеринбурге артисты Уральского государственного театра эстрады под руководством советского и российского поэта, певца, композитора, автора-исполнителя песен в жанре городского романса Александра Новикова подготовили тематический онлайн-концерт «Zа каждую Zа жизнь» в поддержку военнослужащих и сотрудников Росгвардии, которые участвуют в специальной военной операции по защите мирного населения Донбасса, Луганщины, Запорожской и Херсонской областей.
Читать дальше...
В Екатеринбурге артисты Уральского государственного театра эстрады под руководством советского и российского поэта, певца, композитора, автора-исполнителя песен в жанре городского романса Александра Новикова подготовили тематический онлайн-концерт «Zа каждую Zа жизнь» в поддержку военнослужащих и сотрудников Росгвардии, которые участвуют в специальной военной операции по защите мирного населения Донбасса, Луганщины, Запорожской и Херсонской областей.
Читать дальше...
В Екатеринбурге артисты Уральского государственного театра эстрады под руководством советского и российского поэта, певца, композитора, автора-исполнителя песен в жанре городского романса Александра Новикова подготовили тематический онлайн-концерт «Zа каждую Zа жизнь» в поддержку военнослужащих и сотрудников Росгвардии, которые участвуют в специальной военной операции по защите мирного населения Донбасса, Луганщины, Запорожской и Херсонской областей.
Читать дальше...
В Екатеринбурге артисты Уральского государственного театра эстрады под руководством советского и российского поэта, певца, композитора, автора-исполнителя песен в жанре городского романса Александра Новикова подготовили тематический онлайн-концерт «Zа каждую Zа жизнь» в поддержку военнослужащих и сотрудников Росгвардии, которые участвуют в специальной военной операции по защите мирного населения Донбасса, Луганщины, Запорожской и Херсонской областей.
Читать дальше...
В Екатеринбурге артисты Уральского государственного театра эстрады под руководством советского и российского поэта, певца, композитора, автора-исполнителя песен в жанре городского романса Александра Новикова подготовили тематический онлайн-концерт «Zа каждую Zа жизнь» в поддержку военнослужащих и сотрудников Росгвардии, которые участвуют в специальной военной операции по защите мирного населения Донбасса, Луганщины, Запорожской и Херсонской областей.
Годы дружбы и сотрудничества связывают... Читать дальше...
17-октябрда Казакстандын Жогорку соту жарандык активист, юрист Алнур Ильяшевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими боюнча доо арызын кароону аяктады. Алнур Иляшев учурдагы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин президенттикке талапкерлигин каттоону жокко чыгарууну талап кылган. Судья Ирина Калашникова арызды канааттандырган жок. Ильяшев мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоого президент милдетин аткара албай калышы же ага импичмент жарыяланышы негиз болушу керектигин айтууда.... Читать дальше...
19-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5... Читать дальше...
Бул күндөрү Кыргызстанда АКШнын аскердик делегациясы иш сапар менен жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 17-октябрда билдиргендей, делегация Баткенге барып, куткаруучулардын жергиликтүү элди эвакуациялоо, гуманитардык жардам жеткирүү, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуядан улам талкаланган жана өрттөлгөн үйлөрдү, мекемелердин имараттарын тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алышты. “Андан соң америкалык делегация менен пикир алышуу, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сөз болду. Читать дальше...
Тажикстанда сот социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, аткаминерлердин кемчилигин айтып жүргөн журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары, сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирди. Журналистке өкүм 17-октябрдын кечинде Дүйшөмбүдөгү тергөө абагында угузулган. Бул маалыматты 18-октябрда соттолгон журналисттин жакындары тастыкташканын "Озоди" радиосу кабарлады. Прокуратура Далер Имомалини 10 жарым жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген... Читать дальше...
Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. "Атам Фрунзеге барып окуумду сунуш кылды" Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директорунун орун басары, башкы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Акбарали Махмадиев Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда эл башкарган таанымал... Читать дальше...
“Бириккен демократиялык кыймыл” (БДК) оппозициялык уюму бүгүн 18-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе парламентте кандай шартта каралып жатканы боюнча пикирин билдирип, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда бийлик “Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга күч менен өткөрүп берүү аракетин” көрүп жатканы, “оппозиция өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге жасалган кысым Жогорку Кеңештин депутаттарына басым көрсөтүү стадиясына өткөнү” белгиленди. Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда. "Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Читать дальше...
Бүгүн 18-октябрда Нарын шаарында өкмөттүн көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонуу талабына каршы акция өттү. Мэриянын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова “Азаттыкка” билдиргендей, шаардын борбордук аянтына Нарындын өзүнөн жана Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунан 100дөй соодагер чыкты: “Алар ККМ аппаратына каршы болуп, жергиликтүү бийликке, КРнын Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдошу. Соодагерлер менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керек. Мындай талап бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өткөргөн парламенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жыйынында коюлганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, жыйынга парламенттин тармактык комитеттеринин бөлүмдөрүнүн жана парламенттик фракциялардын катчылыктарынын да жетекчилери катышты. Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорлорунун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып... Читать дальше...
Түркияда жалган маалымат жөнүндө кабыл алынган мыйзам 18-октябрдан тарта күчүнө киргенин мамлекеттик Resmi гезити кабарлады. Түрк парламенти кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, "өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугуна, коомдук тартипке жана жалпы саламаттыгына байланыштуу эл арасында кооптонуу, дүрбөлөң жаратуу максатында жалган маалымат тараткандар" бир жылдан үч жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Айрыкча бул мыйзам социалдык тармактарды колдонуучуларга тийиштүү экени айтылууда. Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин YouTube... Читать дальше...
Мадриддин "Реал" жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема 2021-2022 сезонунун жыйынтыгында "Алтын топту" жеңип алды. Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 18-октябрга караган түнү Парижде өттү. Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Бенземанын командалашы, "Реалдын" дарбазачысы Тибо Куртуа алды. Ошондой эле "Барселонанын" жарым коргоочусу Гави жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. Мурда "Баварияда" ойногон чабуулчу Роберт Левандовски мыкты чабуулчу болду. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мекемеге таандык тик учактын ижарага берилиши боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов "Азаттыкка" билдиргендей, ӨКМ тик учакты коммерциялык максатта колдонууга укуктуу. "Тик учактын ижара акысы саатына 2300 АКШ долларын түзөт. Ал камсыздандырылган. Мындан тышкары кокустук болуп, тик учактын кулашынан башка обьектилер жабыркачу болсо, алар дагы ушул камсыздандыруунун алкагында калыбына келтирилет", - деди мекеменинбасма сөз катчысы. Читать дальше...