Кытай лидери Си Цзиньпин Коммунистик партиянын сьездин ачып жатып, жакын арада дүйнөлүк деңгээлдеги армия негиздөөгө чакырды. «Биз аскердик кызматкерлерибизди, курал-жабдыгыбызды, аскердик теорияны модернизациялаш үчүн ыкчамырак иштейбиз. Стратегиялык аскердик потенциалыбызды бекемдейбиз»-деди Компартиянын төрагасы беш жылда бир өтчү жыйында. Ал ошондой эле чет өлкөлүк эксперттерди чакыруу жана билим берүү тармагын өнүктүрүү менен технологиялык «кубатын» бекемдөөнү да убада кылды. Бул съездде... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан Орусиянын эки жараны аман-эсен табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, үч куткаруучу алар менен байланышып, тоодон алып түшүштү. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-октябрда эс алууга барган орусиялыктардын дайыны чыкпай жатканын маалымдаган. Ишемби күнү капчыгайга куткаруучулар барып, эс алуучуларды табышкан эмес. Читать дальше...
17-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 12…17; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18; Бийик тоолордо түнкүсүн -8…-3, күндүз 0…+5 градус. Читать дальше...
Тегеран АКШнын президенти Жо Байденди Ирандагы каршылык акцияларына чыккандарды колдоп сүйлөгөнү үчүн сынга алды. 15-октябрда Орегон штатында сүйлөгөн сөзүндө Жо Байден Ирандагы көчөлөргө чыккан адамдардын эрктүүлүгүнө таң бергенин айткан. Тегеран муну Ирандын ички ишине кийлигишүү катары баалады. «Байден башаламандыктарды колдоо менен Ирандын мамлекеттик ишине кийлигишти. Соңку күндөрү АКШнын администрациясы Иранда ар кандай шылтоолор менен тополоң тутандырганга аябай аракет кылды»,-деп билдирди... Читать дальше...
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган 422 үй урандыдан тазаланды. Бир үй чек ара тилкесинде болгон үчүн тазалоо иштери жүргөн жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бузулган үйлөрдүн басымдуу бөлүгү Баткен районунда (322). Лейлек району боюнча жараксыз болгон 101 турак үй тазаланды. Министрлик жаңжал учурунда коопсуз аймактарга эвакуация болгондордун 4 миңдейи туруктуу жашап жаткан жайларына келе электигин билдирди. Читать дальше...
2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 148 млрд. сомдон ашуун салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилге салыштырмалуу дээрлик 36 млрд. сомго көп же өсүү темпи 47,3% деп эсептелет. Салыктар эмненин эсебинен өсүп жатат? Чогултулган сумманын 111 млрд. 755 млн. сомун салыктар жана 36 млрд. 370 сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. Муну менен салыктар боюнча тогуз айга белгиленген план 236,8 млн. сомго, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд. сомго ашык аткарылган. Читать дальше...
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Ооганстанды башкарып жаткан талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту. Отунбаева сентябрдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы болуп дайындалган. Бул Отунбаеванын ушул кызматка баргандан кийинки алгачкы жолугушуусу. Уюмдун Ооганстан боюнча миссиясынын Твиттердеги расмий баракчасында Отунбаева менен Муттаки кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча сүйлөшкөнү жазылган. Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев болду. Ал окууну бүтпөй комсомолдук кызматка келгени, кантип депутат болгону, банктагы бакиевдердин акчасы, өкмөт башчыдан кантип түшкөнү, “Кумтөр” боюнча камалганы тууралуу суроолого жооп берди.
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Бартын провинциясынын көмүр шахтасындагы жарылууда жумушчулардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. "Көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу катында. Читать дальше...
Ирандын борбору Тегеранда жайгашкан Эвин түрмөсүндө жекшембиге караган түнү өрт чыкты. Түрмөдө саясий негизде кармалган жарандык активисттер, журналисттер, чет элдик жарандар отурат. Өрттүн себеби белгисиз. Ирандын маалымат каражаттары кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Бирок окуяга күбө болгондор социалдык тармактарга жайгаштырган видеодо сигнализациясынын сиреналары жана октун дабышы да угулуп турат. Ирандын бийлигинин көзөмөлүндөгү журналисттердин жазганына караганда, өрт түрмөгө от койгон... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын эки жараны изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,15-октябрда эс алууга барган орусиялыктардын дайыны чыкпай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Капчыгайга куткаруучулар барып, эс алуучуларды табышкан эмес. Издөө иштери 16-октябрда уланып жатат. Министрлик анын натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилерин кабарлады. (КЕ)