Нобел сыйлыгынын ээси, орус сүрөткери Михаил Шолоховдун “Адам тагдыры” аңгемесинде толгон-токой сыноолор, тоскоолдуктарга баш ийип мүңкүрөп калбаган эрки күчтүү адамдын жашоо үчүн күрөшү сүрөттөлгөн. Тоборсуй элек кумдак жол Согуштан кийинки жылдагы жаздын ала-шалбыртында алтымыш чакырым алыстагы жерге барууга камынып жолго чыгышкан. Арабага кошулган семиз эки ат менен жетер жерге кыйналбай барып каларбыз деп ойлошкон. Жакшы тоборсуй элек жолдо аттарды тер басып, өздөрү да чарчап, жарым жолуна алты саат дегенде араң жетишти. Читать дальше...
Саламаттыкты сактоо министрлиги октябрды Кыргызстанда инсульттун алдын алуу айы катары жарыялады. Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2020-жылы жалпы 39 977 адам каза болсо, алардын 20 909у инсульт жана инфаркт сыяктуу жүрөк, кан тамыр оруларынан көз жумганы айтылат. Инсультка кабылгандарды дарылоо, кайра калыбына келтирүү кыргыз медицинасындагы эң оор, чечилбеген көйгөй бойдон калууда. "Апамды ооруканалар кабыл албай..." Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жашаган Канат Кармышковдун... Читать дальше...
Президенттин Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткен себеби боюнча комментарий берди. 9-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип ал 2021-жылы чек арадагы кандуу окуя учурунда элди эвакуациялоо жана тажик тарап менен сүйлөшүү иштери менен алек болуп жүргөнүн, кагылышууну өз күчтөрү менен токтото алышканын айтты. "28-апрелде чек арадагы абалды жайгаруу үчүн Кызыл-Бел менен Гүлистан бекеттеринин ортосунда нейтралдуу тилкеде чоң делегация болуп, Согди облусунун губернатору менен жолугушуу өткөрдүк. Читать дальше...
Бүгүн 9-октябрда Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган кезектеги марафон өттү. Toyboss Snow Leopard Run 2022 жарышына бардык каалоочулар - бир нече миңдей адам катышканын иш-чаранын уюштуруучусу Nomad Sport уюму билдирди. Бишкектин борбордук бөлүгүндө өткөн марафондун коопсуздугун шаардык милиция камсыз кылып турду. Марафондун катышуучуларынан түшкөн мүчөлүк төлөмдөрдүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо иш-чараларына жумшалары айтылды. 2019-жылы өткөн алгачкы марафондон... Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен жаңы келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр. Бул тууралуу 9-октябрда “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо билдирди. “Биз даяр турабыз. АКШ Кыргызстанды эң күчтүү өнөктөш катары көрөт. Биз бул сүйлөшүүлөрдү улантууга даярбыз. Ар бир суверендүү өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. Кыргызстан да өз өнөктөшүн тандай алат. АКШ ошол өнөктөшү болууга даяр”, - деди Трюдо. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин имаратына курал алып барганы “кичине ката” болгонун 9-октябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди. Мамлекет башчысы депутаттар арасында "Аскерлердин огу жок экен, автоматтары жетпейт экен, Ташиев эмне кылып жатат, чалгыны иштебей жатат" деген сын айтылганын, Ташиев эмоцияга алдырганын айтты. “Анан "мына силерге автомат" деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес... Читать дальше...
10-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15…20; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 14…19; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17; Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берди. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. "Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 километр чек араны толук чечип... Читать дальше...
8-октябрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын бюстунун ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, шаардык Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен жана Түркиядагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, ар кайсы тармактардын өкүлдөрү жана Анкара шаарында жашаган кыргызстандыктар катышты. Анкарадагы сейил бактын ачылышы концерттик программа менен коштолду. Читать дальше...
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык делген беш чопкутталган машине мамлекетке алынганы тууралуу УКМКнын маалыматы коомдо сын-пикирлерди жаратты. Атайын кызмат сөз болуп жаткан автоунаалар мамлекеттин карамагына алынганын билдиргени менен жараян кандай тартипте болгонун түшүндүрө элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы беш чопкутталган машине мамлекетке алынганын кабарлап, уюшкан кылмыштуу топторго таандык башка мүлктөрдү да мыйзамдаштыруу жолу иликтенип жатканын кабарлаган. Читать дальше...
Гималайдагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасы багындырды. 6-октябрда алар Бишкекке кайтып келди. Командага биринчи жолу аялдардын атынан Асел Байбагышева кирди. Үч баланын энеси, мыкты альпинисттердин бири "Азаттыктын" орус тилинде тартылган "Эже-сиңдилер" программасында.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турган болду. Бул тууралуу бүгүн 9-октябрда “Азаттык” радиосуна Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. “Кыргызстан машыгуулар өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алды” деп билдирди мекеме. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк. 1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар ... Читать дальше...
7-8-октябрь күндөрү Баткенде, андан кийин Ошто орус-кыргыз инвестициялык форуму өттү. Оштогу форумга өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, эки өлкөнүн ишкерлери катышты. Баткендеги жыйында, Орусиянын элчилиги билдиргендей, Кызыл-Кыя шаарына медициналык жана билим берүү борборлорун ачуу, Кадамжайга газ бетон продукциясын чыгаруучу завод куруу долбоорлору талкууланды. Ошто кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинин орус өкмөтүнүн... Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги бөлүктөр тийиштүү материалдык каражаттар жана азык-түлүк менен толук камсыз кылынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда билдирүү таратып, социалдык түйүндөрдө чек арачылар камсыз кылынбаганы тууралуу маалымат тарап жатканын, анын баары чындыкка дал келбей турганын белгиледи. “Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан бөлүктөр жана өткөрмө бекеттери материалдык каражаттар менен нормага ылайык 100% камсыздалган. Читать дальше...