АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандын бийлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды. “АКШ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун веб-сайтын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Читать дальше...
Казакстандын парламентинин жогорку палатасы – Сенат 2022-жылдын январындагы массалык нааразылык акцияларында кармалып, камакка алынгандарга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды жактырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Мыйзам долбоорунун авторлорунун билдиришинче, мунапыс кеминде 1500дөй адамды камтыйт. Сенаттын депутаттары кабарлагандай, ушул күнгө чейин Январь окуяларына байланыштуу 1112 адам соттолсо, алардын 128и эркинен ажыратылган. Мыйзам кабыл алынган соң 100дөн ашык киши түрмөдөн чыгат. Читать дальше...
Башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камалган 20дан ашык саясатчы, активисттин айрымдарынын жакындары маалымат жыйын өткөрүп, бийликти жакындарын бошотууга үндөдү. Алар бийликтин айрым чечимдерин сындаган үчүн камалды деп эсептешет. Күч органдары кармоо негиздүү болгонун билдирген.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бүгүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер эркин басма сөзгө басымды токтотууну талап кылып, бийликке кайрылды.
Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Астана шаарында башталган маданий иш-чарага Кыргызстандан маданият жана илим-билим чөйрөсүндө эмгектенген 300дөй өкүл катышып жатат. Казакстандын борбор калаасындагы маданий саамалык 26-октябрда башталып, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган талкуу уюштурулду. Эки өлкөнүн маданий жана илим тармагындагы адистеринин жолугушуусу болду. 27-октябрда Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, Кыргызстандын тарыхый-маданий... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайтын эки айга бөгөттөө чечимин айыптаган билдирүүлөр жасалды. Министрлик бул чечимин чуу менен кабыл алынган “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде ишке ашырууда. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги бул кадамды эркин медианын куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады. "Сөз эркиндигине кысым катары кабыл алдык" Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек... Читать дальше...
Жарандык активист Марат Баязов 20-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 27-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын жактоочусу “Азаттыкка” Эркин Сааданбеков билдирди. Баязов Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат. Ал "Массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деп шек менен кармалган. Баязов өзүнө коюлган айыпка макул эместигин, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин жыйынына катышпаганын билдирген. Читать дальше...
Кыргызстандагы Социалдык технологиялар агенттиги, Италиянын "Данило Дольчи" чыгармачылыкты өнүктүрүү борбору биргелешип уюштурган сынакта "Азаттыктын" кабарчылары мыкты аталышты. Сынак "ДаткаАйым - гендердик теңчиликти жаңыча алдыга жылдырабыз" аттуу долбоорунун алкагында өтүп, Европа Кеңеши каржылык колдоо көрсөткөн. Мында "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова көп аял алуунун кесепети, экинчи аял болуп турмуш курган аялдардын укуктары боюнча жасаган видео материалдары үчүн сынакта 2-орунду ээледи. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтык жаңы сапаттык деңгээлге чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусунда сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын акыркы Консультативдик жолугушуусунда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын айтты. "Биз мамлекеттин эгемендүүлүгүн... Читать дальше...
Ысык-Көлдүн жээгине өзүнчө кумаркана аймагын ачууну сунуш кылган эки мыйзам долбоору бүгүн 27-октябрда Жогорку Кеңештин кароосунан алынып салынды. Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети аларды четке кагууну сунуш кылып, көпчүлүк макул болду. Комитеттин төрагасынын орун басары Айсаракан Абдибаева быйыл жайында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу аталган эки долбоорду кароонун мындан аркы актуалдуулугу жок экенин белгиледи. Читать дальше...
«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссияга депутат Исхак Масалиев төрага болду. Бул маалыматты 27-октябрда «Азаттык» радиосуна депутат өзү тастыктап, мындай чечим күтүүсүз болгонун билдирди. «Кийинки аптанын шейшемби күнү иштин багытын аныктай баштайбыз. Кумтөрдүн өзүнө, ишканага барабыз, тийиштүү органдардан маалымат сурайбыз, канча алтын сатылганын билүүгө аракет кылабыз»,- деди ал. Читать дальше...
"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов бүгүн, 27-октябрда милицияга сурак бергенден кийин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Мурдараак Абыловду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкени кабарланган. ИИМдин басма сөз кызматы Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен иш козголгонун тактады. Читать дальше...
Ирандын Шираз шаарындагы шии агымын карманган жарандардын сыйынуучу жайына жасалган чабуулдун курмандыктары кеминде 15ке жетти. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады. Окуя 26-октябрда болгон. Шах Чераг күмбөзүнүн жанында кечки намаз окулуп жаткан маалда белгисиз адам туш келди ок чыгарган. Алгач 10 чакты адам өлүп, 40тай адам жараат алганы айтылган. Ирандын расмий бийликтери ок чыгарган киши кармалганын маалымдады. Жергиликтүү соттук бийликтин башчысы Казем... Читать дальше...
Башкы прокуратура Бишкектин Свердлов райондук сотунун иликтөөчү журналист Болот Темировду актаган чечимине каршы сотко арызданды. Бул тууралуу Темиров өзү "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, соттук жараяндын убактысы азырынча айтыла элек. Журналист аппелляциялык арыз тууралуу көзөмөл органдан оозеки түрүндө уккан. "Мага прокуратурадан соттун чечимине каршы арыздана турганын оозеки түрдө айтышты. Бийлик мени камоону кыялданып жатат", - деди Темиров. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн боло элек. Читать дальше...
Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жараянына даярдык маселеси президент Садыр Жапаровдун аталган уюмдун президенти Шарль Мишель менен Астанадагы жолугушуусунда талкууланганын 27-октябрда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жапаров Европа Кеңешинин жетекчиси менен Казакстандын борбор калаасында өтүп жаткан «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусу алкагында сүйлөштү. Шарль Мишель “Кыргызстан менен Европа Биримдигинин... Читать дальше...
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 27-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы акыркы жапырт кармоолорду "саясий куугунтук" деп атады. Ал президент Садыр Жапаровдун өзүн, 2017-жылы тарапташтары менен чогуу кармаганда да алардын укугун коргоп жүргөнүн эске салып, кармалгандарды бошотууга бийликти чакырды. 23-24-октябрь күндөрү жапырт кармалып, камалган жыйырмадан ашуун адамдын жакындары бүгүн укук коргоочу менен бирге маалымат жыйын куруп, кармоолордун мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Читать дальше...
Бишкек-Ош автоунаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Чектөө жасалма тыгындарды болтурбоо максатында 27-октябрда саат 14:15тен тартып киргизилгенин жана ал аба ырайы жакшырганга чейин улана турганын Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, чынжыр, күрөк ала жүрүү сунушталды. Читать дальше...
Грузия парламентиндеги башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын депутаты Ираклий Хахубианын Тблисидеги үйүнөн сөөгү табылганы кабарланууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” грузин кызматы жазды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 27-октябрда кабарлагандай, депутаттын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Маркумдун жанынан ок атуучу курал табылган. Башкы версия катары өзүнө-өзү кол салышы мүмкүн экени каралууда. Ошол эле маалда киши колдуу болушу мүмкүн деген вариант дагы четке кагылган жок. Читать дальше...
Кыргызстанда бардык мектептерде жана айрым жогорку окуу жайларында аскердик даярдык сабактары киргизилерин, азыр мугалимдердин кошумча штатын ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын бүгүн 27-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, жогорку окуу жайларынын арасынан Медициналык академиядан башкасынын баарында мурдагы аскердик кафедралар жоюлган, азыр запастагы офицерлерди даярдоо үчүн аларды кайра ачуу жагы караштырылууда. Читать дальше...
26-октябрда Бишкек-Ош жолунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынан өткөн тилкесинде, жол четиндеги арыктан эркек кишинин сөөгү колу-буту байланган, көмкөрөсүнөн жаткан абалында табылды. "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, ал 35-40 жаштардагы азият түспөлүндөгү адам. Окуя болгон жерге Ноокен райондук милициясы сөөктөн киши колдуу белгилерди аныкташкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду. Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев "Азаттыктын" сайты боюнча чектөөнү тез арада токтотуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 27-октябрда билдирип, "кабарчыларынын кесиптик деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып туруучу "Азаттык" журналисттик стандарт жагынан башкалар үчүн үлгү" экенин белгиледи: ""Азаттык" маалыматты ачык, айкын берген, көп жылдан берки тажрыйбасы жана тарыхы бар ЖМК. Ар бир бийлик келгенде кандайдыр бир таарынычы болот, бирок бийликтен кеткенден кийин "Азаттык" объективдүү болуп... Читать дальше...
Жарандык активист, эки айга камалган Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай "Кемпир-Абадды коргоо жана кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү" комитетинин ишин улантууну колуна алды. Ал бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Касиет Мамырбай апасы мыйзамсыз кармалганын белгилеп, сөз эркиндигине басым жасалып, пикирин ачык айтып, бийликти сындагандарга саясий куугунтук болуп жатканын айтты. Касиет Мамырбай аталган комитеттин ишин улантуу жана жапырт камалгандардын... Читать дальше...
28-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 5…10; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3... Читать дальше...
Бир катар эркин маалымат каражаттары, журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин сынга алып кайрылуу таратышты. Кайрылууда чечим "Калкты жалган маалыматтардан коргоо" мыйзамын да тикелей бузары, "Настоящее время. Азия" редакциясынын YouTube каналындагы "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы оор салгылаш" деп аталган программасын алып салуу талабы "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамына дал келбей турганы белгиленген. Читать дальше...
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Казакстандын борбору Астанага иш сапары менен барды. Анын алкагында президент "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, мамлекет башчы Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине да катышат.(ZKo)