11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлады. Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди. Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты. Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда... Читать дальше...
Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) 11-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүнү токтотууну талап кылган билдирүү таратты. Анда "Жогорку Кеңештин Эл аралык, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда, манипуляция жана кысым аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоорун жактырганын, маселени талкуулоодо Конституция, Жогорку Кеңештин регламенти одоно бузулганын" белгилеген. "Бийлик Кемпир-Абад суу сактагычын... Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорт үчүн жол акыны көтөрүүнү камтыган токтом долбоорун даярдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу “транспорт тармагында оор кырдаал түзүлүп калганы” белгиленген. Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиевдин белгилешинче, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде эки жумушчу иске ууланып каза болду, дагы үчөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Кырсык 11-октябрдын түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция фактынын чоо-жайын териштире баштады. Читать дальше...
11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн биригелешип аракеттенүүгө багытталган айрым документтерге кол коюлду. Эки өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиев мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту. Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азарбайжандын өкмөтү Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койду. Ошондой эле ар бир катар министрликтин жетекчилери өз багытында кызматташуу боюнча программага... Читать дальше...
21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациядан кийин орус жарандары коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга агылды. Учурда алар Бишкектин шартына көнүп, айрымдары бизнес баштоону ойлонуп жаткан кези.
Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери Travel Inn хостелинин эки жердеги филиалында жашап жаткан бир нече адамды мобилизациянын пунктуна алып кетти. Бул тууралуу орус тилинде маалымат тараткан эл аралык RTVI телеканалы мейманкананын администрациясына таянуу менен кабарлады. Маалыматта айтылгандай, полиция башка мейманканадаларды кыдырып жатат. Мындан сырткары жаштар чогулган Red Gates жана Under The Ground репетициялык базаларына да келишкени баяндалат. Алар кызматкерлердин, музыканттардын паспортторун алып коюп... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Бекназаров 12-декабрга чейин №1 Тергөө абагында болот. 14-сентябрда ал экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын маалыматына караганда, Руслан Бекназаров ИИМдин Тергөө кызматы тергеп жаткан жана Кылмыш-жаза... Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РИА Новости агенттигине Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартканы боюнча комментарий берди. Ал бул чечимди кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалга байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстандын "ЖККУга мүчөлүгү бузулгус" экенин белгилеген. "Биздин ЖККУга мүчөлүгүбүз бузулгус, бизде бул уюмга карата мандат, миссия жана устав боюнча эч кандай маселебиз жок. Читать дальше...
Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары... Читать дальше...
Кыргызстанда 600дөн ашуун чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алуу үчүн кайрылды. Бул тууралуу 11-октябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди. Кайрылгандардын арасында Азербайжан, Молдова, Орусия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. Учурда 182 адам каттоодон өткөн, калгандарынын документи текшерилип жатат. Президент Садыр Жапаров апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцарияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Женева шаарындагы Коопсуздук саясаты борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу баяндама жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. "Эдил Байсалов 2022-жылдын 14-16-сентябрында Баткен облусунун тынч жаткан айылдарына тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кайгылуу кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады. Баяндамадан соң Женева борборунун директору... Читать дальше...
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот. Читать дальше...
Ирандагы соңку нааразылык акцияларына байланыштуу беш француз жараны кармалды. Бул тууралуу 11-октябрда Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна француз радиолоруна билдирди. Министр Катрин Колонна ирандык кесиптеши менен сүйлөшүп, өз мекендештерин бошотууга катуу аракет көрүлөрүн тактады. Мурдараак Франция өз жарандарын тез арада Ирандан чыгып кетүүгө чакырган. Анда алар камакка алынышы мүмкүндүгү эскертилген эле. 6-октябрда Ирандын IRNA маалымат агенттиги франциялык Сесиль Колер жана... Читать дальше...
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районунун Достук жана Капчыгай айылдары толугу менен жаңыдан курулат. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда кол койду. Ага ылайык, Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылында жабыркаган үйлөр зыянды баалоо комиссиясынын аныктамасына карабай бузулат жана ордуна жаңы турак жай курулат. Курулуш белгиленген мөөнөттө аяктайт. Жаңы курулган үйлөрдүн документтери курулуш иштери аягына чыгары менен ээлерине акысыз берилери айтылды. Читать дальше...
Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Арген Бактыбек уулу менен Мээрим Айныкеева “Интерньюс Казакстан” уюму өткөргөн MediaCAMP Fest фестивалында “Түшүнүү мезгили” номинациясында биринчи орунду алды. Бул тууралуу “МедиаХаб” басылмасы кабарлады. Фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 821 материал тапшырылган. Аталган номинациянын алкагында кыргызстандык журналисттер командасынын “600% үстөк. Кыргызды карызга батырган Сомо” деп аталган иликтөөсү каралган. Бул иликтөөдө 15 мүнөттө насыя алууга азгырган... Читать дальше...
2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 192 258 орусиялык жаран келди. Анын ичинен 1631 адам Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстанга келгендердин жана жарандык алууга арыз бергендердин саны көбөйдү. "Быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 30% көп. Читать дальше...
Бишкекте 8-октярбда кыздардын эл аралык күнүнө карата "Кыргызстан кыздарынын заманы" аталышындагы иш-чара өттү. Анда кыздардын илим жана технологиядагы жетишкендиктери көрсөтүлгөнүн ЮНИСЕФтен билдиришти. Бул программанын максаты - кыздардын жетишкендиктерин, илимий табылгаларын көрсөтүү менен коомчулукту кыздардын билимине инвестиция салууга чакыруу экени маалыматта айтылат. "Кыргызстандын кыздарынын заманы" деп аталган сынакка "Илимдеги кыздар" долбоорунан 300 кыз катышты. ЮНИСЕФ 2020-жылы... Читать дальше...
Кыргызстандын Москвадагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун кабыл алуусунда болгонун аталган өлкөнүн ТИМнин сайты жазды. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жана Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмундагы (ЖККУ) кызматташтыгын талкуулашты. "Орусия менен Кыргызстандын бүгүнкү геополитикалык катаал шарттагы союздаш мамилесинин мааниси тууралуу сөз болду" деп жазылган маалыматта. Кыргызстандын элчилиги азырынча бул жолугушуу тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...
Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун “Рубеж-2022” деген аталышта Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок. “Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022” аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Читать дальше...
Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги "Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү" жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү көздөөдө. Ага ылайык, жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жергиликтүү бийликтин ортосунда социалдык келишим түзүлөт. Келишимге ылайык, бийлик үй-бүлөгө бир жолу бериле турган акчалай жардам берет жана анын негизинде жакырчылыктан чыгууга көмөктөшөт. Каражаттын булагы жергиликтүү же республикалык бюджет, түрдүү фонддор болушу ыктымал. Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта Баткен облусунан жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдүн курулушу башталды. Долбоорго ылайык дээрлик толугу менен жабыркаган Достук жана Капчыгай айылынын ордуна жаңы айыл курулмай болду.
Президент Садыр Жапаров 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусуна чыккан альпинисттерди кабыл алды. Аларды планетанын эң бийик чокуларынын бирин ийгиликтүү багындырышы менен куттуктады. Мамлекет башчы кыргызстандыктардын бул ийгилиги жалпы өлкөдө сыймыктануу жана шыктануу жаратканын белгилеп, альпинизм боюнча улуттук курамага Кыргызстандын туусун бийик чокуга орноткону үчүн ыраазычылык билдирди. Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгуу үчүн 80 өлкөнүн 404 альпинисти барып, 60ы максатына жеткен. Алардын... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 10-октябрдагы жарлыгына ылайык, "Эркин-Тоо" гезитинин мурдагы баш редактору Бахпурбек Аленов өз каалоосу менен кызматтан бошотулду. Жапаров дагы бир жарлыгы менен басылманын баш редакторлугуна Наралы Асанбаевди дайындады. "Эркин-Тоо" - кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит. Анын алгачкы саны 1924-жылы, 7-ноябрда Ташкентте жарык көргөн. Кийинчерээк ал "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан", "Кыргыз туусу" деп аталып калган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин... Читать дальше...