Кыргызстанда массалык башаламандыкка даярдык көргөн деген шек менен 20га жакын активист, саясатчы камалды. ИИМ аларды өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган деп шек санап жатат. Оппозиция жана жарандык коом саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Ал тапта Маданият министрлиги «Азаттык» радиосунун сайтын эки айга жапты. Соңку чечимдер адам укуктары жана сөз эркиндигине басымбы? Бул кырдаалды жөнгө салуунун кандай жолдору бар?
Кыргызстан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Аярлуу климаттын дүйнөлүк форумуна (Climate Vulnerable Forum) кирди. 4-октябрда чыккан бул чечим тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимовдун аталган форумдун жыйынына жолдогон видео кайрылуусунда кабарлаган. “Кыргызстан былтыр климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу улуттук максаттарын белгилеген документ кабыл алган. Биз 2030-жылга чейин абага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды 44% азайтып... Читать дальше...
26-октябрда Жалал-Абад шаарында Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына анын катышуучулары калаа жетекчилиги жана апаатта каза болгондордун жакындары катышты. Баткен согушунун ардагерлерине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 20 миң сом акча жана Ардак грамоталар тапшырылды. Баткен коогасына Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер барып, 12си курман болгон. «Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын... Читать дальше...
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин басма сөз өкүлү Элизабет Тросселл Кыргызстандагы соңку кармоолор менен камоолорго байланыштуу комментарий берди. 26-октябрда Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаттын сайтында жарык көргөн билдирүүдө Тросселл кармалган 20дан ашык саясатчы менен активистке кыргыз бийлиги эл аралык укуктун негизинде адилет соттук териштирүү кепилдигин берүүгө тийиш деп белгиледи. БУУнун өкүлү ошондой эле ал адамдар айыбы далилденмейинче күнөөсүз деп эсептелерин, адам укуктарынын... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги бул кадамды эркин медианын куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады. 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганын расмий жарыялады. Министрликтин Маалыматтык... Читать дальше...
"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абыловго карата кылмыш иши козголуп, үйү тинтүүгө алынганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады. Бул маалыматты ал Абыловдун аялы Дамира Ахматбекованын айткандарына таянып жазган. Анын маалыматына караганда, кылмыш иши 26-октябрда козголгон. Үй-жайы тинтилип, эки дискти алып кетишкен жана видеого тартууга уруксат беришкен эмес. Ахматбекова кылмыш иши козголгону боюнча протоколдун көчүрмөсүн берилбегенин... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж экенин белгилеп, бул институт акыйкаттуулуктун жана адамдын мыйзамдуу укуктарынын чыныгы жактоочусу болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал 26-октябрда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган "Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу" аттуу эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди. "Акыйкатчы институту – адам укуктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизми... Читать дальше...
26-октябрда активисттердин тобу “Алга, Казакстан” оппозициялык партиясын каттоо үчүн бешинчи жолу Юстиция министрлигине документ тапшырды. Топтун өкүлдөрү “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алар миңдеген кишинин колун топтогон. Ондогон киши демилгени колдоо үчүн облустардан Астанага келди. Маалыматка караганда, министрликтин өкүлү документтерди кабыл алды. Активисттер буга чейин төрт ирет партияны каттоо кагаздарын беришкен. Бирок мекеме улам бир мандемди таап келген. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...
Минск шаарынын соту белгилүү иликтөөчү журналист Сергей Сацюкту сегиз жылга түрмөгө кести. Беларустун Журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 26-октябрдагы сотто прокурор “Ежедневник” сайтынын башкы редакторун пара алуу, социалдык жек көрүүнү козутуу, кызматынан кыянат пайдаланган деген негизде сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады. Журналисттин тарапкерлери саясий боектогу иш атайын токулган, эркин медиага жана жарандык коомду куугунтуктоонун бир бөлүгү деп эсептешет. Беларус укук коргоочулары... Читать дальше...
Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргогон ыйгарым укуктуу орган кандай иш алып барууда? Көз карандысыз институт экенин далилдей алдыбы? "Колубуз кыска болуп калууда" Акыйкатчы (Омбудсмен) институту - жөнөкөй жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргоочу ыйгарым укуктуу, көз карандысыз мекеме. “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзамы Жогорку Кеңештин... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат. Катта 16-сентябрда "Настоящее время" телеканалынын түз эфиринде “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу... Читать дальше...
Жарандык активист Марат Баязов 26-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Эркин Сааданбеков билдирди. Облустук милициянын басма сөз кызматы Баязов массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шектелип кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы жана активисттердин иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын маалымдады. Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту 26-октябрда активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" ырастады. Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабууну чечти. Биздин сайтты VPN аркылуу ачуунун жол-жобосун сунуш кылабыз. VPN - бул виртуалдык жеке түйүн. Ал колдонуучунун жеке маалыматын жана кайда турганын, серверге кайдан кошулганын жашырууга жол берет. Дүйнөдө интернет коопсуздугунан улам VPN түйүндөрүнүн популярдуулугу артып баратат. Көптөгөн: жөнөкөй, татаал, бекер, акы төлөгөн, кымбат жана арзан VPN-сервистер бар. Орусия сыяктуу... Читать дальше...
Армениянын бийлиги Орусиянын пропагандачыларынын бири, RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньянга өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу журналист өзүнүн Телеграм-каналына жазды. Еревандын мындай кадамынын себеби айтылган жок. Симоньяндын айтымында, андай тыюу Мамлекеттик думанын депутаты Константин Затулинге да салынды. Эл өкүлү буга чейин ага Ереван бийлигинен кат келгенин, анда депутаттын Армениянын дарегине айткан сөздөрү эки мамлекеттин достук мамилелерин өнүктүрүүгө залака тийгизип жатканы белгиленгенин жазган. Читать дальше...
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев башаламандыкка шек саналып жапырт камалгандардын ишин тергөөгө эки айдай убакыт кете турганын билдирди. Ал бир нече экспертиза дайындалганын белгиледи. Бул тууралуу министрдин орун басары Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында билдирди. Ушул тапта депутаттар Кыргызстанда оппозициялык саясатчылардын жана активисттердин жапырт кармалып, камакка алынышына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат. Эл өкүлдөрү ишти адилет жана акыйкат кароону өтүндү. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы соңку кармоолорго байланыштуу пикирин билдирип, бийлик органдарын этияттыкка үндөдү. Кармалган 20дан ашуун жарандын арасында өлкөнүн мекенчил уул-кыздары бар экенин белгилеп, буга чейинки бийликтин тушунда да ушундай окуялар болгонун мисал келтирди. "Абайлаңыздар, азыр бийликте отургандарга да убагында ушундай эле жалаа жабылып, ушундай эле кине коюлган. Ошондой болуп калбайт деген кепилдик жок, бул кайтар дүйнө", - деди Кадырбеков. Читать дальше...
Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөөдө "күн-түн" деген тарифти киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалйбек Ибраев Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында билдирди. “Эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачыла турганын белгилеп кеттим. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет. Эки жыл болобу, беш жыл болобу, бул тарифке өтөбүз. Азыр кээ бир санаторияларда бул колдонулуп жатат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда оппозициялык саясатчыларды жана активисттердин жапырт кармалып, камакка алынышына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат. 26-октябрдагы жыйында Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү депутаттарга маалымат берүүдө. Ички иштер министринин орунбасары Эркебек Аширходжаев кармоолорго байланыштуу ишти иликтөө купуя жүргүзүлүп жатканын айтты. Депутат Дастан Бекешев бул кармоолорду негизсиз деп, жогорку бийликтин буйругу катары сыпаттады. Читать дальше...
Ирандыктар хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалып, көп өтпөй көз жумган Махса Амининин кыркында маркумдун мүрзөсүнө барышты. Коопсуздук кызматынын эскертүүсүнө карабай, ондогон кыз-келин жана эркек кишилер Амининин кичи мекени Сакез шаарындагы көрүстөнгө чогулду. Ал жерден тартылган видеолордо “Аял, жашоо, эркиндик!”, “Диктаторго өлүм!” деген ураандар жаңырганын угууга болот. 22 жаштагы студент кыз 16-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, көз жумганы белгилүү болгондон... Читать дальше...
Ош облустук психиатрия жана наркология ооруканасындагы бейтаптардын бири аны тартип сакчысы сабаганын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымдады. Аталган борбордун адистери бейтап аялдын денесинде ур-токмоктун белгилерин - бети-башы шишигенин, көгала тактарды аныкташкан. Жабырлануучунун туугандары жазган арыздын негизинде бейтап соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүүдө. Тиешелүү документтер прокуратурага жөнөтүлгөн. "Азаттык" азырынча Ош облустук психиатрия... Читать дальше...
Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынганын 26-октябрда билдирди. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, алты айлык мөөнөткө киргизилген чектөө кыргыз-кытай чек арасындагы "Иркештам” жана “Торугарттан" башка бардык өткөрмө бекеттерге тиешелүү. Бул чечимдин аткарылышы боюнча тиешелүү министрликтерге зарыл чараларды көрүү тапшырырлды. Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салган. Читать дальше...
2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. "Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого)... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 27-октябрда иш сапары менен Казакстанга барат. Ал Астана шаарында өтө турган Борбор Азия жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусуна катышарын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. "Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алдамчылыкка айыпталган жаранга бензин чачып, өрттөө аракети болду. Окуя 26-октябрда сот отуруму өтүп жатканда болгонун аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, иште күбө катары өтүп жаткан жаран айыпталуучуну көздөй бензин чачып, өрт тутандыргычты аны көздөй ыргыткан. Соттун маалыматына караганда, күбө бул күнкү отурумга чакырылган эмес, өз каалоосу менен келген. Социалдык түйүндө бул окуядан кийинки ызы-чуу жазылган тасма тарап... Читать дальше...