13-октябрда «Азаттыктын» Бишкек кеңсесинин алдына көз карандысыз медиага каршы чыккандар жүзүн жаап турушту. Алардын басымдуу көпчүлүгү плакаттарынын артына жашынса, башкалары беткапчан турду. Окуяны чагылдырган журналисттерге комментарий берүүдөн кескин баш тартып, сүйлөбөй коюшту.
Бүгүнкү талкуубузда Баткендеги үй-жайы жоктордун абалы, жаңы курулуштар тууралуу сөз болот. Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен талкаланып калган. Жалпысынан Баткен облусу боюнча 661 үй зыян тартып, анын 423ү жашоого таптакыр жараксыз болгон.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай 13-октябрда Бишкекте “Азаттык-Медиа” мекемесинин алдына келгендер журналисттерди коркуткан окуяга байланыштуу пикирин билдирди. Эл аралык медиа компаниянын президенти кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү. “Азаттык” радиосунун журналисттери мындайдан коркуп калбайт. Кыргыз бийлигин биздин кызматкерлерибизди жана кеңсебизди коркуткандардын жоопкерчилигин карап, иликтөөгө чакырам” – деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...
Кыргызстан өз аймагында Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн да, Тажикстандагы машыгууга катышуудан да баш тартты. Бишкек 130дан ашуун кишинин өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяны улай Москва үстөмдүк кылган бул блоктун жол-жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды. Кыргызстан эмнеге нааразы? Азербайжан менен утур-утур согушкан Армения да уюмга бир топ доомат артып, атүгүл бул өлкөдө ЖККУдан чыгуу чакырыктары жаңырууда.
13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өттү. Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды. Жабык эшик артындагы жолугушуу тууралуу президенттин сайты учкай маалымат берди. Анда Садыр Жапаров чек арадагы кырдаалга кеңири токтолуп, "тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салганы" айтылды. Президент Жапаров кыргыз тарап... Читать дальше...
Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путин, Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Анда кыргыз-чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Читать дальше...
Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. Мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынууда. Ибраев Бишкек Жылуулук электр станциясына көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялоого үлгүрө электигин, ошол себептүү "Электр станциялары ишканасы Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун белгиледи. ... Читать дальше...
Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар пикетке чыкты. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага болгон чагымды сындашты.
Казакстандын борбору Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. Анда сөздү Владимир Путин баштап, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи. Ал үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады. Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өтүп жатат. Читать дальше...
1970-жылдан бери адам баласынын ишмердиги дүйнө жүзүндө жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн 69 пайызга азайышына алып келди. Мындай маалымат Жапайы жаратылыш фондунун (WWF) отчетуна камтылган. Эң чоң кыскаруу - 94 пайыз Латын Америкасында катталган. Амазониядагы тропикалык токойлордун кыйылышы менен ал жакты байырлаган организмдер да жок болду, бак-дарактар миллиарддаган тонна көмүр кычкыл газын сиңирип алып, абанын ысышы менен да күрөшүүгө жардам берчү. Окумуштуулар жаныбарлардын жок болуп кетүүсүнө... Читать дальше...
Тажик прокуратурасы журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жарым жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген, тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" деп айыпталууда. Журналист айыптарды четке кагып, мыйзамсыз ишкердик кылганын гана моюнуна алган. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып жазгандай, кийинки отурумда сот Имомалинин акыркы сөзүн укмакчы. Журналистти 15-июнда кармап кетишкен. Көп өтпөй ал Ютубдагы материалдары үчүн... Читать дальше...
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков блогер Атай Бейшенбекти экөөнүн WhatsApp аркылуу жеке жазышканын коомчулукка жарыялады деп айыптады. Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына блогерди кызматташууга чакырганынан пайда чыкпаганын белгилеп, аны курулай популисттикке барууда деп сындады. "Бул экөөбүздүн ортодогу жазышуу болчу. Аны “скриншот” кылып, пост жазып салыптыр. Популизмдин дагы чеги болуш керек. Жеке жазышкан катты жарыялоо адамдын тарбиясынын күзгүсү. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында сентябрда болгон окуядагы кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 8-8,5 миллиард сомдон (100 миллион долларга жакын) аша тургандай болуп жатканын 13-октябрда “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди: “Бул жер которууга мажбур болгон 150 миңдей адамды эсептебегенде. Үй-имараттарды, инфраструктураны кайра ордуна келтириш үчүн. Өзүбүздө резерв болгондуктан 3 миллиардын которуп койдук. Элден чогулган акчаны да бөлүштүрүп жатабыз элдикин элге берели деп – 320 миллион сомдон ашык”. Читать дальше...
Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы саммиттин катышуучуларына таянып Кыргызстандын талапкерлиги колдоо табарына ишеним артарын белгиледи. "Бүткүл дүйнөдө тынчтыкты... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз эркиндигин толук колдой турганын бүгүн, 13-октябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ошону менен катар ал өлкөнүн бүтүндүгүнө, биримдигине залака тийгизиши ыктымал аракеттерден этият болуу керек деген оюн кошумчалады: “Биз сөз эркиндигин толугу менен колдойбуз. Бирок биз социалдык тармактардын колдонуучуларынан, маалыматтык сайттардан суранып жатабыз, жерибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин биримдигине доо кетпесе эле калганы ким эмнени айтат - ар бир кишинин өзүнүн эрки. Читать дальше...
Кворум жок болгондуктан, Жогорку Кеңештин түштөн кийинки жыйыны өткөн жок. Түштөн кийин депутататтар Евразия экономикалык бирлигине байланыштуу, “Расмий статистика жөнүндө”, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүүгө байланышкан мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карашмак. Кворум болуш үчүн 90 депутаттын 46сы катышуусу керек, бирок каттоодон 40 гана депутат өттү. Парламенттин түшкө чейинки жыйынында депутаттар ар кандай маселелер боюнча сүйлөшүп... Читать дальше...
Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тай киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты.
“МедиаХаб” коомдук фондунун жетекчиси Али Токтакунов бүгүн, 13-октябрда Бишкекте көз карандысыз медиаларга каршы чыккан акцияны “Ууру митинг” деп атап, ага бетин плакат, беткап жана кара көз айнек менен жапкандар катышканын айтып чыкты. “Чындыкты айтып, өзүнө ишенген адам эч качан жаап-жашырынбайт. Көзүңө тике карайт, мизбакпайт. Бул кыргыздын мүнөзү. А булар турушу менен эле арам ойлуулардын айдакчысы экенин далилдешти. Демек "Азаттык", "Клооп", "Кактус" баштаган журналисттер дагы бир уурунун сары изине түшкөн экен. Читать дальше...
Шаршембиде кечинде Пакистанда суу ташкындан эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келаткан автобустан өрт чыгып, бери дегенде 18 киши өмүрүнөн ажырады. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчылары маалымдагандай, окуя Синд чөлкөмүндө, Карачи порту менен Хайдерабад шаарларын туташтырган кан жолдо болгон. Полиция жана күбөлөр набыт болгондордун арасында 8 жашы жетелек бала бар экенин айтып беришти. Дагы он чакты киши жараланды. Автбуста 35 киши бараткан. Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Читать дальше...
14-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 21…26; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 15…20; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5 градуска чейин жогору болот. Читать дальше...
Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тай киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты. Алар аталган медиалар "туура эмес маалымат берип жатат" деген пикирин билдирип, "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты. Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон... Читать дальше...
Ирандын расмий өкүлү өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда кармалган бир нече мектеп окучу “тарбиялоо лагерлерине” жөнөтүлгөнүн бышыктады. Бир айдай мурун адеп-ахлак полицияссы хижабды кийүү эрежесин бузду деп кармап кеткен студент кыз Махса Амини каза болгондон бери Ислам жумуриятында элдик толкундоолор уланууда. Билим берүү министри Юсеф Нури демонстрациялар маалында кармалган өспүрүмдөр "психологиялык борборлорго" жайгаштырылганын, “жүрүм- турумун оңдогондон кийин” мектептерге кайтарын Shargh гезитине билдири. Читать дальше...
Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашык киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты. Алар аталган медиалар туура эмес маалымат берип жатат деген пикирин билдирип, чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты. Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстанга иш сапары менен келип, бир катар мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер менен жолукту. Ал Бишкекте "Азаттыкка" эксклюзивдүү маек курду.
Сөз эркиндигин чектөө ой-пикирди ачык билдирүүгө болгон кысым деген пикирин бүгүн 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди: “Бизде бүгүн сөз эркиндигин чектөөгө шымаланып бараткандарды көрүп жатабыз. Сөз эркиндиги чектелсе эртең биздин тилибиз кыркылып калат. Демократиялык өлкө болгондон кийин бул өзүбүздүн ачык ой-пикирибизге болгон кысым деп эсептелинет”. 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана... Читать дальше...