10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жабык жыйында Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады. Комитеттин жыйынына журналисттер, блогерлер, активисттер чакырылганы менен залдын ичине телефон менен кирүүгө... Читать дальше...
Кытай Күнгө байкоо салуу үчүн Advanced Space-Based Solar космостук обсерваториясын ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илимий-техникалык корпорациясы кабарлады. Учуруу "Чанчжэн-2D" ракета-ташуучу менен аткарылды. Обсерватория үч жабдуу менен – Күндүн магниттик талаасын изилдөөчү магнитограф, Күндүн жаркыроо мезгилиндеги жогорку электр нурлануусун изилдөөчү рентген сканери жана плазманы анализдөөчү коронограф менен жабдылган. Аппарат Күндүн магниттик талаасы короналдык массаны... Читать дальше...
Эгер дүйнө өлкөлөрү климаттын бузулушун жана биотүрдүүлүктүн жоголушун алдын алгысы келсе, жан-жаныбарлардын, дарактардын, зарыл болсо океан-дарыялардын да укуктарын юридикалык жактан таанышы керек. Бул тууралуу британиялык The Law Society юристтер ассоциациясынын баяндамасында айтылат. Эксперттер тобу адамдар менен жаратылыш системаларынын арасындагы мамилелердин өнүгүшү жана биотехнологиялардын киргизилиши менен укук жана жоопкерчилик маселеси жаралды деп белгилешет. “Кээде биз өзүбүздү жаратылыштан сырткары көрөбүз. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Ага комитеттеги алты депутат макул, төртөө каршы добуш берди. Отурумда Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады. Комитеттин төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков өзү документке каршы добуш бергенин журналисттерге билдирди. "Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым.
Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы Тажикстанда сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 10-октябрга белгиленген. "Комиссия ал жакта төрт күн болот. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим", - деди Ташиев. 27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп... Читать дальше...
Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карады. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болду. Бул тууралуу каршы добуш бергендердин бири, депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди. "Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды... Читать дальше...
Баткенде үйсүз калган жашоочулар курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтууда. Белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 15 жылдын жүзү болду. Түштүк Кореяда кунжут майын, чыгарып иштеген журтташыбыз Саадат Галымбетова. “Данисте” берүүсү жаңы чыгарылышында ушул сюжеттерди сунуш кылат.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдер каралып жаткан жыйында телефон жана видео камера колдонууга тыюу салынышы тууралуу маалымат берди. Ал жыйын ачык өтүп жатканын, анда катышуучуларга чектөө коюлбаганын, бирок видеого тартууга жол берилбесин, бул тууралуу мамлекет башчыга 9-октябрда тиешелүү органдардын жетекчилери маалымат беришкенин айтты. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн... Читать дальше...
Президент Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү, аймактагы коопсуздук маселеси талкууданды. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы 30 жылдык кызматташтык ийгиликтүү жүрүп келе жатканын, Евробиримдик Кыргызстан үчүн тышкы саясатта башкы жана маанилүү өнөктөш экенин белгиледи. "Баарлашуунун жүрүшүндө... Читать дальше...
АКШнын Федералдык резервдер системасынын мурдагы башчысы Бен Бернанке, экономисттер Дуглас Даймонд жана Филип Дибвиг Нобелдин экономикалык илимдер боюнча сыйлыгынын лауреаттары аталды. Аларды сыйлоо аземи 10-октябрда Стокгольмдо өттү. Окумуштуулар банктарды жана финансылык кризистерди изилдөөдөгү эмгектери үчүн сыйланышты. Алардын бул багыттагы иштери 1980-жылдардагы алгачкы изилдөөлөргө да пайдубал болуп бергени айтылды. Лауреаттардын изилдөөсү банктардын кыйрап калуусун алдын алуу өлкөлөрдүн... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани менен жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, түз аба каттамдарын ачуу жана башка маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал тууралуу да сөз болуп, Кулубаев Катар өкмөтүнөн "Баткенде куралдуу кол салуудан кыйраган инфраструктураны жана элдин турак жайын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү" өтүндү. Читать дальше...
16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жай курула баштады. Алардын алгачкылары Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагындагы Достук жана Капчыгай айылдарында курулууда. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ар бир үйдүн курулушу үчүн 3,3 млн. сомдон бөлүнгөн, учурда жалпы 500 млн. сом бөлүнгөн. Жоробаев белгилегендей, Достук жана Капчыгай айылдарында үйлөр дээрлик толук жараксыз болуп... Читать дальше...
Акыркы беш жылда уу калдыктары сакталган жайлар боюнча тоо-кен ишканалары текшерилип, мыйзам бузуулар боюнча 58 протокол түзүлдү. Алардан 305 миң сом айып өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 10-октябрдагы жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын белгилешинче, Кыргызстанда 103 калдык сактоочу жай бар, анын 66сы радиоактивдүү, 37си уулуу калдыктар. Министр учурда тоо-кен калдыктарын кайра иштетүү багытында... Читать дальше...
Ирактын Күрдистан автономдук аймагынын парламенти ушул айдын аягына пландалган шайлоону артка жылдырып, өз мөөнөтүн бир жылга узартты. Бул чечимди парламенттеги 111 өкүлдүн 80и колдоду. Күрдистан парламентине шайлоо 2023-жылдын аягында өтө турган болду. Шайлоонун жылдырылышына Күрдистандын демократиялык партиясы менен патриоттук союзунун ортосундагы шайлоо округдарынын чек араларына байланыштуу талашы себеп болду. Автономдук аймакта бул эки партия бийлик талашууда негизги ролду ойнойт. Биринчи аталган партия аймактын өкмөтүн көзөмөлдөйт.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун сот аткаруучулар мекемесинин Оптима банктагы депозиттик эсебинен 2 млн. 965 миң 800 сом мыйзамсыз алынганын Башкы прокуратура 10-октябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган райондук прокуратура бул сумманы сот аткаруучулар менчиктеп алганын аныктаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат. Жогорку сот жана тиешелүү органдар Башкы... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин абакта мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Чыңгыз Ибраев "Азаттыкка" кабарлагандай, активист эми №1 Тергөө абагында 14-декабрга чейин кармалат. Сот блогердин ден соолугуна байланыштуу даттанууларды канааттандырган эмес. Буга жооп катары Жекшеналиев сот залындагы айнек тосмону тепкилеп, "түрмө менен сындыра албайсыңар" деп кыйкырды. "Убагында Жапаровду соттогон судьялар, прокурорлор бүгүн мени соттоп жатат. Читать дальше...
Ирандын Бушер жана Дамаванд шаарларындагы мунай жана химиялык заводдордун миңден ашык жумушчусу өлкөдө нааразылык акцияларына кошулуп, иш ташташты. 10-октябрда алар жолдорду жаап, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырышты. Соңку күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында бир нече шаарларда заводдордо иштеген жумушчулар акцияларга кошулганы айтылган. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Читать дальше...
Катар мамлекетинин эки ишканасы Кыргызстанга эки ГЭС куруп берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарга расмий сапарында Nebras Power компаниясынын директору Халид Мухаммед Жоло менен жолугушкан учурда талкууланды. Мухамед Жоло Кыргызстан менен энергетика жаатында кызматташууга даяр экенин айтып, Чаткал жана Казарманга ГЭС куруу ниетин билдирди. Жыйынтыгында тараптар эксперттик иликтөө иштерин баштоону макулдашты. Ага ылайык, катарлык компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип... Читать дальше...
Аймактагы "Азаттык" кабарчысынын маалыматына караганда, 10-октябрда түшкө жуук Өзгөн райондук администрациясынын алдына бир нече киши чогулду. Алар Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимдин парламентте ачык каралышын талап кылышкан. Уюштуруучулар нааразылык акциясы Жогорку Кеңештин комитетиндеги чек арага байланыштуу жыйын аягына чыкканча уланарын айтышууда. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганын айтты. Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында маалымат берип жатып билдирди. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат", - деп айтылат маалыматта. Ошол эле күнү Жапаров “Борбор Азия ... Читать дальше...
Кыргызстанда 4-октябрдан 10-октябрга чейин 90 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мекеменин маалыматына караганда, азыр өлкөнүн бардык аймагы жашыл зонада. Ушул жылдын 9 айында COVID-19дун 21 миң 502 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 495 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себептерин айтып берди. Ал чек ара боюнча жашыруун маалыматтар айтыла турганын белгиледи. "Бүгүн эч кандай ратификация өткөрүп жаткан жокпуз. Биз келишимдин долбоорун талкуулап, макулдашууга гана алып келип жатабыз. Бул жерде көптөгөн биздин документтер, карталар өзгөчө жашыруун карталар. Алардын бардыгын... Читать дальше...
Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сапар алкагында эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулайт. Сапардын... Читать дальше...
11-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...