Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен Астанада өткөн үч тараптуу жолугушуу конструктивдүү болгонун билдирди. Бул тууралуу орус лидери 14-октябрда Казакстандын баш калаасында өткөн маалымат жыйында айтты. Ал жолугушууда аскердик аракеттердин жанданбашы үчүн бардык чараларды көрүү тууралуу макулдашылганын кошумчалады. Ошондой эле эки тарап качкындардын үй-жайына кайтып баруусуна бардык аракеттерди көрүшөрүн билдирди. - Эки тарап тең маселени чечүүнүн... Читать дальше...
Эркин медиага байланышкан эки митингдин айырмасы жана максаттары кандай? Фейсбук, Твиттер жана Инстаграмда эң кызуу талкуу жараткан посттор жана реакциялар.
Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков 13-октябрда бир топтун эркин медианын жабылышын талап кылган акциясынан кийин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. - 13-октябрда "Азаттыктын" кеңсесинин алдында 40тай адам митинг өткөрүп, андагы кызматкерлердин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктар да жасалды. Мындай окуяга кандай укуктук баа берилиши керек? - Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Читать дальше...
Жоголуу коркунучунда турган ак илек-илектер акыркы жылдары Баткендин айылдарын байырлап, саны өсүүдө. Окумуштуулар Кыргызстандын аймагына кайтып келе баштаган бул сейрек куштарга шарт түзүп кармап калуу зарылдыгын айтууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы эки жуманын аралыгында мобилизация жыйынтыкталарын билдирди. Бул тууралуу ал Казакстандын баш калаасы Астанада өткөн маалымат жыйында айтты. Анын сөзүнө караганда, 21-сентябрдан бери аскерге 220 миң киши тартылган. Орус бийлиги жалпысынан 300 миң киши мобилизация болорун билдирген. Путин ошондой эле мобилизацияга тартылгандардын 16 миңи фронтто экенин кошумчалады. Буга чейин күзүндө мобилизация болгондордун арасында мерт кеткендер катталганы расмий жарыялана баштады. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаев “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медианын” жабылышын талап кылгандардын акциясы боюнча пикирин билдирди. Ал Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө "сөз эркиндигин сактап калуу мамлекеттин, элдин келечеги үчүн өтө маанилүү" деп белгилеген. "Азаттык", "Клооп", "Кактус Медиага" каршы митингди чектен ашкан кадам деп эсептейм. Мамлекеттин чыныгы душмандары коррупционерлердин бет кабын сыйрып, кылмышын иликтеп жаткан бул маалымат каражаттары коом үчүн абдан керектүү. Читать дальше...
Factcheck.kg сайты президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы дээрлик толугу менен Орусиянын ушундай эле мыйзамынын көчүрмөсү экенин жазды. Аталган редакция тексттин уникалдуулугун текшере турган кызматты колдонуп, эки мыйзамдагы окшоштук 66 пайыздан 100% чейин түзөөрүн белгилеген. "Документте кезиккен 53 беренеде окшоштук 66%дан 100%га чейин түзгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, айрым гана беренелерде окшоштук салыштырмалуу аз болгон: №1 – 66%, №33 – 65%, №4 – 71%. Читать дальше...
Эл аралык мунапыс уюму 14-октябрда билдиргендей, Иранда өткөн айда болгон каршылык акцияларында 23 бала өлтүрүлгөн. Уюм тараткан маалыматка караганда, 22 жаштагы Махса Амининин абакта каза болушуна байланыштуу тутанган ири толкундоолордо жалпысынан эки жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Он күндөн ашуун уланган каршылык акцияларында мерт кеткен балдардын арасында үч кыз, 20 эркек болгон. 11-17 жашка чейинки балдардын көбүн коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүшкөн, ал эми үч кыз менен бир баланы өлгүчө сабашкан. Читать дальше...
Быйыл Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 70 жашка толду. Анын мааракесин утурлай республикалык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар пландалган. Август айында эл аралык кыргыз-казак айтышы өтсө, алдыда Үсөнбаевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында сынак өтөт. Анын байге фонду үчүн 1 млн. сом байге каралган.
Бишкекте жарандык коом, журналисттер жана юристтер “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.
Социалдык түйүндөр аркылуу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова Бузуулар кодексинин негизинде жазага тартылганын бүгүн 14-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын тургуну, 35 жаштагы Аранова “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирип мазактаган сөздөрдү айтканы үчүн Бузуулар кодексинин 126-беренеси... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Анда азыркы мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” экени белгиленди. Ошону менен катар, демилгечи депутаттардын пикиринде, мыйзамдын азыркы редакциясында карама-каршылыктар жана коррупциялык коркунучтар бар, себеби... Читать дальше...
Ош шаарындагы Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экенин 14-октябрда “ПолитКлиника” медиасы жазып чыкты. “Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу К.Бобулов 77 дарегинде жайгашкан. Бул консулдуктун расмий сайтында дагы көрсөтүлгөн”, - деп билдирди басылма. Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан алынган расмий документтердин сүрөтү кошо жарыяланды. Читать дальше...
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Азаттык Медианын" кеңсесинин алдында экстремисттик билдирүүлөр жасалган акцияга байланыштуу пикирин билдирди. "Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Ошол митингге чыккандар да, тилекке каршы, өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчү. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм – сөз эркиндиги бул оюңа келгенди айтып, башкалардын укугун тебелөө эмес. Бул коом алдындагы чоң жоопкерчилик" деп жооп берди. Читать дальше...
“Азаттык Медиа” мекемеси 13-октябрда Бишкектеги кеңсесинин алдында уюштурулган акциянын катышуучусунун журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча милицияга кайрылды. Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Илимбек Исраилов аттуу жаран "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус Медиа" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленет. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин негизги жана өзгөрүүсүз принциби - ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо экенин айтып, чек арадагы талаштуу маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы, бүгүн 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Читать дальше...
Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтмөй болду. Мындан сырткары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин... Читать дальше...
Кыргызстанда жарандык коом, медиа өкүлдөрү "Азаттык", "Кактус Медиа", "Клооп" маалымат агенттиктерине чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.
15-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 14...19; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6 градуска чейин жогору болот. Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу мыйзам долбоору 14-октябрдан тарта коомдук талкууга коюлду. Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө. "Жол эрежесин бузгандарды аныктоого жана жол кырсыктарынын себебин талдоого жол ачылат, айдоочулардын жоопкерчилиги көтөрүлөт жана өлкөдө кылмыштуулуктун азаюусуна шарт түзүлөт"... Читать дальше...
Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө 14-ноябрда башталарын бүгүн 14-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жалпысынан 11-14 жаштагы 200 миңден ашуун кызды камтуу пландалууда. Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берүүдө. Эмдөөнүн бул түрү дүйнөдө 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата папиллома вирусуна каршы вакцина 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген. Кыргызстандын улуттук календарына ылайык... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Иш-чара Астана шаарындагы Конгресс-борбордо өтүп жатат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына киришти. Маалыматка ылайык, КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланып... Читать дальше...
Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш башталды. Анын уюштуруучуларынын бири, блогер Атай Бейшенбек жөө жүрүштүн максаты тууралуу маалымат берип жатып ар бир адамдын конституциялык укугун чектөөгө жол берилбеши керектигин, “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус” басылмаларынын жабылышын талап кылган акция мыйзамсыз болгонун белгиледи: “Акцияда бетин жаап алган, мыйзамга дал келбеген чакырыктарды таштаган учурларды көрдүк. Бирок бийлик аларга чара көрбөгөнү суроо жаратат. Биз жалпыга маалымдоо каражаттары гана эмес... Читать дальше...
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуудан Баткен облусунда 640 турак жай жабыркаган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Абдыраев 14-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Жабыркаган 640 үйдүн 21и - Баткен шаарында, 444 үй - Баткен районунда, 175 үй Лейлек районунда. Кыргыз-тажик чек арасында сентябрда болгон кандуу окуядагы кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 8-8,5 миллиард сомдон (100... Читать дальше...
Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду. Ирандын сот бийлигинин башчысы Голамхоссейн Мохсени Эжеинин: "Мен сотторго негизги демонстранттарга, башаламандыктын катышуучуларына ырайым жоктугун, катаал өкүмдөрдү чыгарууну тапшырдым" деген сөзүн мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды. Буга чейин сотторду демонстранттарга каршы чара көрүүгө руханий лидер Аятолла али Хаменеи да чакырган. Иранда адеп-ахлак полициясы хижабсыз жүргөнү үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Читать дальше...